Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

ОШ ОБЛУСУНУН ӨТКӨН ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

 780 Бардыгы /

ОШ. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү тарабынан өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, айырмалангандарга сыйлыктар тапшырылды. Ушуга улай 2021-жылга бир катар план-тапшырмалар жана милдеттер дагы белгиленди.

Баса, таажы илдети чапчыган кооптуу кырдаалга карабастан Ош облусунун аймагында 124 обькти бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды. Булардын ичинен төртөө заманбап оорукана. Айыл чарба тармагы 2020-жылда облус боюнча 48 миллиард 127 миллион сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,1 пайызды түздү.

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн (ЭБ – 45 млрд 935 миллион  сом, аткарылганы- 48 миллиард 127 миллион сом) экономикалык божомолу 104,8 пайызга ашыра аткарылды. “Айыл чарбасын каржылоо сегиз долбоорунун” алкагында жалпы Ош облусу боюнча 2021-жылдын 1-январына карата 734 миллион 887 миң сомдук жеңилдетилген кредиттер таратылды. Мунун ичинен мал чарбасына 1399 жаран 617 миллион 983 миң сомдук, талаачылыкка 111 жаран 46 миллион 604 миң сомдук 10 пайыздык жана кайра иштетүү тармагына 22 жаран 70 миллион 300 миң сомдук 6 пайыз менен берилди.Ошондой эле Ош облусу боюнча 396 даана күнөсканалар түзүлүп, жалпы аянты 43 гектарды түздү. Ал эми тамчылатып сугаруу ыкмасы менен 2020-жылы 140 субъект 348 гектар жер аянты иштетилди.

Инвестициянын көлөмү 2020-жылдын жыйынтыгы менен Ош облустук статистикалык комитеттен алынган маалыматтарга караганда, жалпысынан 3 миллиард 990 млн. 768,7 миң сомду түздү. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 43 пайызга аз тартылды дегенди туюндурат. Инвестициянын 2019-жылга салыштырмалуу азайгандыгынын негизги эле себеби – “COVID-19”- таажы илдетинин кесепети куп тийди.

Ошого карабастан, Ош облусу боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн “Капиталдык салымдар” беренесинен каржыланып, курулушу башталган обьекттердин жалпы саны 197 түздү. Мунун ичинен 2020-жылга карата 73 обьект титулдук тизмеге киргизилип, республикалык бюджеттен 515,4 миллион сом акча каражаты каралды жана 463,8 миллион сом бөлүнүп берилди. Жогоруда көрсөтүлгөн 73 обьекттин ичинен сметалык баасы 2 миллиард 400 миң 700 сомду түзгөн 54 обьектте курулуш иштери аткарылды. 2020-жылы 23 объекти бүткөрүү пландалса, мунун ичинен 19 объект сапатуу бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды.

Ал эми жергиликтүү бюджеттердин эсебинен сметалык наркы 392 миллион 200 миң сом болгон 69 обьекттерди куруу иштери башталган. 2 мектеп, 5 медициналык обьект, 15 бала бакча, 4 спорт зал, 7 спорттук аянтча, 5 таза суу жана 31 ар кандай курулуш обьекттери. 69 обьекттин ичинен 40 обьект бүткөрүлдү. Буларна жалпы жонунан 109 миллион 700 миң сомсарпталды.

Мындан тышкары жеке ишкерлердин эсебинен 477 миллион 500 миң сом акча каражаты сарпталуусу каралып, 49 обьектте курулуш иштери башталган. 2 медициналык обьект, 6 бала бакча, 8 спорт зал, 6 спорт аянтча, 1 таза суу обьекттери, 9 өнөр жай ишканалары, 1 логистикалык центр, 11 жана башка курулуштар. 49 обьекттин ичинен 33 обьект бүткөрүлдү,. Бул максатта 264 миллион 300 миң сом сарпталды.

Ал эми чет элдик инвесторлордун эсебинен 1 миллиард 374 миллион  700 миң сом болгон 72 обьекттерди куруу иштери башталган. 8 мектеп, 17 медициналык обьект, 7 бала бакча, 1 спорт зал, 1 спорттук аянтча, 6 мечит, 6 таза суу, 2 өнөр жай ишканалары, 24 ар кандай курулуштар. 72 обьекттин ичинен 32 обьект бүткөрүлдү. А буларга жалпы жонунан254 миллион 500 миң сом жумшалды.

Узаган жылы жалпысынан Ош облусу боюнча 4 миллиард 149 миллион 100 миң болгон 244 обьектте курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 124 обьект бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды. Бүткөрүлгөн курулуш обьекттерге сарпталган акча каражатынын жалпы суммасы 1 миллиард 212 миллион 800 сомду түздү. 2021-жылы (биринчи жарым жылдык) жалпы Ош облусу боюнча башкы план иштелип чыгып бекитилиш керек. Ал аркылуу жол картасы иштелип чыгуу тапшырмасы коюлуп, тийиштүү тармактарга тапшырма коюлду. Бул аркылуу ички жана тышкы инвесторлор ишенимдүү иш баштоого заманбап гана шарттар түзүлөт.

Ошентип, калктын саламатчылыгын сактоо жана бекемдөө, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында саламаттыкты сактоо мекемелерин оптималдаштыруу, спорт мекемелеринин ишин күчөтүү иштери ырааттуу түрдө уюштурулат. Мындан тышкары өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө ишкер чыгымга, жергиликтүү эл ыңгайсыздыкка, экология кыйроого дуушар болбоо чараларын камсыздоо үчүн жергиликтүү бийликтин орду жана жоопкерчилиги күчөтүлөт. Айдоо аянттарын толук кандуу пайдалануу максатында дыйкандарга заманбап шарттарды жаратуу чараларын токтоосуз иштеп чыгуу, жазгы талаа иштерин максаттуу, үзгүлтүксүз жүргүзүү жергиликтүү жетекчилерге – акимдерге жана Айыл Өкмөттөрүнө катуу миледттендирилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17