Аймак

Улукбек МАРИПОВ: “ЖАКЫН АРАДА ЭКОНОМИКАСЫ ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНГА АЙЛАНАБЫЗ!”

Улукбек МАРИПОВ: “ЖАКЫН АРАДА ЭКОНОМИКАСЫ ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНГА АЙЛАНАБЫЗ!”

 1,212 Бардыгы /

 Жаз жарышы кызыды. Келерки жылдын камын жеп, кары-жаштын баары тең талаада. Мээнеткечтерге тилектештигин көрсөтүп, Кыргыз Өкмөтүнүн жапжаш башчысы Улукбек МАРИПОВ дагы Жалал-Абад жана Ош облустарын чекесинен кыдырып, бир катар олуттуу көйгөйлөрдү жеринде эле жайгарганга жарады.

         Жалал-Абад  облусуна караштуу Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында абдан чоң күнөскана бар. Мында жылдын төрт мезгилинде тең помидор, бадыраң, болгар калемпири, лимон өстүрүлөт. Азырынча туруктуу жыйырма адам эмгектенет. Ал эми жумуш абдан кызыган маалда иштегендердин саны жүздү деле чапчыйт.

  • Жергиликтүү ишкерлерди ар тараптуу кубаттап, мындан ары дал

ушундай анча деле чоң эмес, бирок, заманбап жана модернизацияланган ишканаларды көбүрөөк куруп, мекендештерибизди чет өлкөлөргө тентитпестен, алардын баарын тең төз жергесинде уруктуу жумуш менен камсыз эткенге өтө бекем ыктайбыз! – деп эл көзүнчө абдан катуу убадалады премьер-министр  Улукбек Марипов. – Каражат кендирибизди куп кесип жаткандыгын, албетте, жакшы билебиз. Бирок, бул шылтоо эмес! Орус-Кыргыз Фонду менен орой-чарай масилеттешип, дыйкандарыбызды колдоо жараянын мурдагы жылдарга салыштырганда кыйла эле активдештирдик.

         Ушуга улай премьер-министр  Улукбек Марипов 2005-жылдан бери жер-жемиштерди жана мөмө-жашылчаларды кайра иштетип келаткан заводго капысынан баш бакты. Ишкана аталган пролукцияларды кайрадан иштетип, алардан ширелерди, консервацияланган жашылчаларды, кыямдарды жана кургатылган жемиштерди туруктуу өндүрөт. Андан ары буларды өлкөбүздүн ичинде соодалайт. Ошондой эле АКШ, Германия жана Түркияга  дагы үзгүлтүксүз экспорттойт.

  • Жалал-Абадда ушундай Ата Мекедик продукциялардын өндүрүү,

Албетте, мактоого гана татыктуу! Мындай саамалыкты биз өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна чукул арада жайылтыбышыбыз абзел! – деди Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Марипов. – Мен абдан жакшы билемин. Элеттеги эмгек өтө оор жана талыкпаган түйшүктү дагы талап кылат. Бул жерде баары тең кашайгыр каржы маселесине барып такалып жатпайбы. Биз – агрардык өлкөбүз. Ошондуктан, калкыбыздын көпчүлүгү айыл чарбасы менен гана жансактайт. Ошол себептүү мындан ары дал ушул тармакты ыкчам жана сапаттуу өнүктүрүүгө мурда болуп көрбөгөндүй артыкча мамиле жасамакчыбыз.

         Деген Министрлер Кеңсесинин төрагасы  Улукбек Марипов Ош облусунун райондорун кыдырганда, жергиликтүү дыйкандар дизелдик отундун ашкере кымбаттыгына, алмалардын түшүмүнүн жылдагыдай өтпөй чирип кеткендигине ыраса даттанышты.

  • Дал азыр бензин жана дизелдик отун баасы эпсиз эле көтөрүлдү.

Дүйнөлүк тенденциядан дагы ашып түштү, эй! Былтыркы алмаларыбыз таажы илдетинин кесепетинен убагында экспорттолбогондуктан, чечесинен чирип кетти, – деп тызылдашты Оштун дыйкандары. – Деги Ата Мекендик өндүрүшчүлөрдү качан колдойсуздар? Бизди сапаттуу үрөн жана жер семирткичтер менен толук кандуу камсыздабайсыздарбы? А бардык банктарда коррупция балакети ыраса гүлдөдү. Пайыздары тим эле жүрөк түшүрөт. Муну неге караштырып, дадил көзөмөлдөбөйсүздөр?

Бирок, көпчүлүк Ата Мекендик серепчилер Кыргызстандын Айыл чарбасына жаңы технологияларды текши киргизип, толук кандуу жайылмайынча, ыкчам өнүгүү эзели болбой тургандыгын айтып жатышат.

  • Дүйнөлүк көчтүн эң эле артында калып кетттик, – коңгуроо какты

Ата Мекендик серепчи Союзбек Табалдиев. – Көптөгөн өлкөлөрдө Айыл чарбасындагы түшүмдүүлүктү жана натыйжалуулукту  ого бетер арттыруу максатында акылдуу технологиялар байма-бай колдонулуп келатат. Ошого удаа бул тармакка жаңыча мамиле дагы жасалып жаткан чагы. А биздечи? Жадагалса өсүмдүк майын, кумшекерди. Ошондой эле шириндиктерди дагы чет өлкөлөрдөн ташып келатабыз. А эмне үчүн буларды өзүбүздө – Кыргызстанда эле өндүрбөйбүз? Менимче, мыкты үрөн жана сапаттуу жер семирткичтерди дагы чыгарган жөпжөнөкөй кичи заводдорду эмдигиче кура элекпиз? Эмне, Өзбекстандан кембизби? Намыстанбайлыбы, ыя?

         Ооба. Ата Мекендик серепчилер алмак-салмак коңгуроо какканчалык бар. Талашсыз. Кыргызстан – агрардык мамлекет. Ушул тармак аркылуу эле экономикабызды ыраса чыңдап, а түгүл бара-бара өтө өнүккөн өлкөгө айлануубузга толук мүмкүнчүлүгүбүз дагы, шартыбыз дагы бар. А мындай чоң шансты Жаңы Өкмөт жана Жаңы Кыргыз бийлиги колдон чыгарбастан, качан максаттуу жана ыңгайлуу пайдаланат?!?

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17