Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
952 Бардыгы / ТАШКЕН. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылын байырлашкан Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Марипов Өзбекстанда жашап жатышкан кандаштарына Кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактап келаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргыз Президентинин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн терең кубанычтамын! Тилекке […]
953 Бардыгы / ТАШКЕН. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылын байырлашкан Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Марипов Өзбекстанда жашап жатышкан кандаштарына Кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактап келаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргыз Президентинин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн терең кубанычтамын! Тилекке […]
ПРЕМЬЕР-МИНИСТР УЛУКБЕК МАРИПОВ ТАШКЕНТТЕ КЫРГЫЗ ДИАСПОРАСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
26.03.2021 / Автор aymak

954 Бардыгы /
ТАШКЕН. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылын байырлашкан Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту.
Адегенде Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Марипов Өзбекстанда жашап жатышкан кандаштарына Кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактап келаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
- Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргыз Президентинин атынан
салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн терең кубанычтамын! Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу бизМанас айылына бара албай калды. Ошол эле учурда Сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстандын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет! – Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Улукбек Марипов.
Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашап жатышкан Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү белгилешкендей, ушул тапта Өзбекстанда 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашашат.
- Борбордон абдан ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын
60-жылдары гана пайда болгон. Бүгүнкү күндө мында 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз! Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстан Республикасында 55 жалпы билим берүүчү Кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстан Республикасына сапарынын жыйынтыгына ылайык Мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз! – деди Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашап жатышкан Кыргыз диаспорасынын өкүлү Рахматулла Жаббанов.
Андан ары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирлерин дыкаат тыңдап, аларды түйшөлткөн бир катар суроолорго дагы жооп кайтарды.
Ошентип, атайын жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү алкагында Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылынын “Маржан” көркөм ыр-бий ансамбли тарыхый Мекенине – Кыргыз Республикасына сапарлап келмекчи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВ ЖОЛУНДА ЖАРДЫРУУ УЛАНУУДА!
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ САКТАЛБАГАН КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР АЛЫНУУДА
-
27.07.2025 / Автор anarkan_kg КУРУЛУП ЖАТКАН ЖАҢЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТА ИШЕМБИЛИК ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.