Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

ОШТО АЙРЫМ ӨСПҮРҮМДӨР ЖАРАМАЗАН АЙТУУНУ ТИЛЕМЧИЛИКТИН ЖАӉЫ ФОРМАСЫНА АЙЛАНДЫРЫШТЫ

ОШТО АЙРЫМ ӨСПҮРҮМДӨР ЖАРАМАЗАН АЙТУУНУ ТИЛЕМЧИЛИКТИН ЖАӉЫ ФОРМАСЫНА АЙЛАНДЫРЫШТЫ

 105 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында айрым өспүрүмдөр жарамазан айтууну тилемчиликтин жаӊы формасына айландырып алышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, төрт күн катар Ош ШИИБсынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу багытында кезектеги рейд өткөрүлдү. Милиция кызматкерлери менен биргеликте бул иш-чарага социалдык өнүгүү башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери дагы катышышты. Кызматкерлер биргеликте шаардагы 151 объектиде болуп, түнкүсүн кароосуз жүргөн 77 өспүрүмдү аныкташты. Булардын арасынан 42 өспүрүм түшүндүрүү иштеринен соӊ ата-энесине өткөрүлүп берилди. Жакындары издеп келбеген 32 өспүрүм Оштогу балдардын реабилитациялоо борборуна жеткирилди. 3 бала социалдык жактан коргоо кызматтарына өткөрүлдү. Ал эми оор шарттарда жашаганы аныкталган 24 баланын маселелерин кароо үчүн Ош шаардык балдар комиссиясына тиешелүү кагаздар жөнөтүлдү.

Атайын рейддин жүрүшүндө көчөлөрдө түнкү саат 22:00дөн кийин дагы жарамазан айтып жүрүшкөн балдар тегиз кармалып, аларга коопсуздук чаралары боюнча эскертилип жатты. Жарамазан айткан көп балдар жол бойлой өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салышып жүгүрүшүп, а түгүл коомдук тамактануучу жайларга дагы кирип барышып, тамактанып жатышкан адамдарга жолтоолук кылышты. Ушундан соң түн жарымына чейин жарамазан айтып, ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып дагы кетишүүдө. Азыркы жол бойлой жүрүшкөн айрым өспүрүмдөр үчүн жарамазан айтуунун тилемчилик кылуудан айырмасы болбой калды. Жарамазандын тереӊ философиялык маанисине түшүнбөй, жаттап алышкан төрт сап менен жарамазан айтышып, жол бойлоп тентип жүрүшөт. Ошондуктан, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жашы жете элек балдарга жарамазан айтууга таптакыр тыюу салууну суранат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17