Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,444 Бардыгы / Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты. Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты. Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы […]
1,445 Бардыгы / Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты. Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты. Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы […]
ЛЕЙЛЕК: ОК АТЫШУУ УЛАНЫП, АЙЫЛДАРДА ҮЙ-ЖАЙЛАР ӨРТТӨНДҮ
30.04.2021 / Автор orozalieva

1,446 Бардыгы /
Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты.
Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты.
Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Лейлек районунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызматта турганын, турак-жай өрттөнүп жатканын “Азаттыка” бышыктады. Жаштык айылында май куйган жай, Максат айылында чек ара тозоту жана ондон ашык үй өрттөлгөнүн тургундар билдиришти.
29-апрелде Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен кыргыз айылдарынын 2000-3000дей тургуну убактылуу үй-жайын таштап, Лейлек районунун борбору Исфана шаарына, Катраң, Өзгөрүш, Коргон, Тайлан айылдарына эвакуацияланды. Райондук социалдык камсыздоо кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү ыктыярчылар менен бирге жаңжал чыккан айылдардын тургундарын убактылуу жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө. «Азаттыктын» ишенимдүү булагы жеринен билдиргендей, жүздөгөн киши Исфанадагы эки мектепке, ошондой эле шаардагы тааныштарынын, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.
28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.
Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.
30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар куралдуу кагылышты токтотуу тууралуу биргелешкен документке кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.
WWW.
Автор orozalieva
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
15.03.2026 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
12.03.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС “ТАЗАЛЫК” МЕКЕМЕСИНЕ ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА “КОШУМЧА ЖАБДЫК” РЕЙДИ ЖҮРҮҮДӨ
-
25.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫККАН КУРУЛУШТАР БУЗДУРУУЛУУДА
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg АЙТ КҮНДӨРҮ ЖОЛ КИРЕ АКЫЛАРЫН КӨТӨРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.