Аймак

КЫРГЫЗСТАНДА КАНТКЕНДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТООГО БАГЫТТАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК КАРАЖАТТЫ ПАЙДАЛАНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУГА БОЛОТ?

КЫРГЫЗСТАНДА КАНТКЕНДЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САЛАМАТТЫКТЫ САКТООГО БАГЫТТАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК КАРАЖАТТЫ ПАЙДАЛАНУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУГА БОЛОТ?

 1,368 Бардыгы /

Бул суроого онлайн пресс-конференциянын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жооп беришти. Эксперттер Кыргыз Республикасы булл эки маанилүү социалдык тармакка каражаттарды канчалык натыйжалуу жумшап жаткандыгы жана эмнелерди жакшыртууга боло тургандыгы жөнүндө өз тыянактары менен бөлүшүштү.

2021-жылдын 28-июнунда, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасында 2014-2019-жылдар аралыгындагы мамлекеттик чыгашаларды кароонун жыйынтыктары боюнча пресс-конференция түз эфирде болуп өттү. Журналисттердин назарына Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына арналган “Мамлекеттик чыгымдарды кароо” боюнча отчеттун эки бөлүгү сунушталды.

«Изилдөөнүн негизги максаттары мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун талдоо, негизги тоскоолдуктарды аныктоо жана ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берүү болгон», – дейт, Дүйнөлүк Банктын улук экономисти жана ушул отчетту даярдаган топтун жетекчиси Апполения Мбоуэ. Ошондой эле ал Дүйнөлүк Банк Кыргыз Республикасы менен кызматташууну улантууга жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Саламаттыкты сактоо

Улук экономист Ирина Постоловска белгилегендей, акыркы жыйырма жыл ичинде республиканын саламаттыкты сактоо көрсөткүчтөрү бир топ жакшырды, анткени адамдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 68 жаштан 71 жашка чейин өстү; тирүү төрөлгөн 5 жашка чейинки 1000 баланын ичинен, өлүм 66дан 20га чейин кыскарды; ошол эле учурда 100 000 тирүү төрөгөн энелердин өлүму79дан 60 өлүмгө чейин азайды.

Ошол эле кезде Кыргыз Республикасы башкача мамилени жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) талап кылган  жугуштуу эмес оорулардын азабын тартып жатат. 2018-жылы жугуштуу эмес оорудан өлгөндөр 83% түзсө, ар бир төртүнчү кыргыз жараны инфекциялык эмес төрт негизги оорудан – жүрөк-кан тамыр ооруларынан, өпкөнүн өнөкөт ооруларынан, кант диабети же рак ооруларынан 30 жаштан 70 жашка чейинки курактаказа болушкан.

«Учурдагы темпти эске алсак, республика 2030-жылга чейин жугуштуу эмес оорулардын айынан мезгилсиз өлүмдү 30% га кыскартуу боюнча саламаттыкты сактоонун мамлекеттик программасын максатына жетет деп күтүүгө болбойт. Бул көбүнчө жашоо образына жана жүрүм-турум факторлоруна байланыштуу», – деп түшүндүрдү Постоловска.

Башка көйгөйлөрдүн катарын эксперттердин баамында-дарыгерлердин жетишсиздиги, өзгөчө БМСЖ деңгээлиндеги дарыгерлердин тартыштыгы, аймактарда бейтаптарды жаткыруу орундарынын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү, айрым медициналык мекемелерде негизги жабдуулардын жетишсиздигин же такыр эле жоктугу, ооруканага жаткыруунун зарылсыздыгы толуктайт.

Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоого багытталган мамлекеттик чыгымдар орточо эсеп менен кирешеси төмөн болгон өлкөлөрдүн орточо көрсөткүчүнөн жогору. Бирок саламаттыкты сактоого багытталган ИДПнын үлүшү 2012-жылга салыштырмалуу бир топ төмөндөп кеткен. Мисалы, 2017-жылы өкмөт саламаттыкты сактоого ИДПнын 2,6% жумшаса, бул 2012-жылга караганда дээрлик 1,8 пайызга төмөнжана Европа менен Борбордук Азия чөлкөмүндөгү (EБA) ИДПнын орточо көрсөткүчунөн 4,9% төмөн болгон.

Региондордо амбулатордук жардамды пайдалануу деңгээли Кыргыз Республикасында эң төмөн: бир адамга жылына 3,5 амбулатордук байланыш каралат. Баштапкы жардам салыштырмалуу начар бойдон калууда, ал эми каражаттардын көпчүлүгү дагы эле стационардык медициналык жардамга сарпталып, натыйжасын бербей келет. Кыргыз Республикасында ооруканага жаткыруунун саны азайганы менен өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу жогору бойдон калууда. Керексиз ооруканага жаткыруунун чыгымын төмөндөтүү аркылуу, профилактикалык жана баштапкы медициналык жардам кызматтарын каржылоого, каражаттарды бошотуп берүүгөболот.

Кырдаалды жакшыртуу үчүн адистер жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуу жана кирешелерди көбөйтүү үчун тамекиге, алкоголдук ичимдиктерге салыкты көтөрүп, кант кошулмасы бар таттуу суусундуктарга жана зыяндуу тамак-ашка жаңы салыктарды киргизүүнү, кыска мөөнөттүү ишчара катары сунушташууда.

Орто мөөнөттүү сунуштар катары – эң негизгиси саламаттыкты сактоону мамлекеттик бюджеттин приоритеттүү багытына айландыруу маанилүү. Анын негизинде, COVID-19 менен күрөшүүгө чыгымдардын жетиштүү деңгээлин сактап,  көрсөтүлуп жаткан кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана жарандардын өз чөнтөктөрүнөн чыгуучу чыгымдардын өсүү тенденциясы менен күрөшүү сунушталат (мисалы, мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра карап чыгуу, кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасын кайра карап чыгуу, ошондой эле дары-дармектерди өз алдынча жазып берүү жана этикага жатпаган маркетинг тажрыйбасына бөгөт кою).

Билим берүү

Кыргызстан билим берүүгө карата мамлекеттик чыгымдары – жалпы мамлекеттик чыгымдар сыяктуу эле ИДПга карата дагы аз үлүштө болгон дүйнөдөгү мамлекеттердин катарына кирет. Казынанын чыгымдары ИДПнын 7% ын же жалпы мамлекеттик бюджеттин 22,5% ын түзөт, бул кирешеси ушул сыяктуу деңгээлдеги башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла жогору (алар билим берүү тармагына мамлекеттик чыгымдардын орточо 16% же 4-5% ИДПсарптайт).

Бирок билим берүү натыйжасы төмөн бойдон сакталып, мектепке чейинки жана толук орто билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү көйгөй жаратууда.

Отчеттун авторлорунун бири Арууб Икбалдын сөзүно караганда  пандемиядан келип чыккан кризис окуудагы жетишкендиктерди дагы да төмөндөтүп, социалдык-экономикалык ажырымды көбөйтүүдө. Андыктан мектепке чейинки, баштапкы жана орто билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Билим берүүгө багытталган бюджеттин негизги бөлүгүн эмгек акы жана социалдык камсыздандыруу түзүп, ал – жалпы билим берүү бюджетинин 69% ээлейт, бирок мугалимдердин эмгек акысы өлкө боюнча орточо деңгээлден төмөн бойдон калууда.

Мугалимдердин саны кыйла көбөйгөнүнө карабастан төмөнкү класстарда окуучулардын катышы мугалимдерге салыштырмалуу өтө жогору. Жалпысынан бул системада мугалимдердин саны ашыкча, бирок предмет боюнча мугалимдердин оптималдуу эмес бөлүштүрүлүшү, мектепте белгилүү предметтер боюнча мугалимдердин жетишсиздигине алып келет, айрыкча тил жана математика сабактары.

Билим берүү тутумундагы адамдык ресурстарды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде так эмес кызматтык нускамасы бар педагог эмес кызматкерлердин санын нөлгө чейин азайтуу, башталгыч класстарга, тил жана математика мугалимдеринин санын көбөйтүү аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн. Ошондой эле мугалимдерди бир нече сабак боюнча окутуу – айрыкча мугалимдер жетишпеген тармактар ​​боюнча даярдоо натыйжасын берет», – дейт эксперт.

Мындан сырткары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн адистер материалдык-техникалык базага, анын ичинде методикалык адабияттарга, окуу материалдарына, китепкана фондусуна, лабораториялык жабдыктарга жана Интернетке чыгымдарды көбөйтүүнү сунушташат. Ошондой эле билим берүүнүн бардык баскычтарында үзгүлтүксүз, жыйынтыктоочу жана системалуу баа берүүнү сапатын камсыздоо маанилүү.

Бюро  коммуникаций ТАГС

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17