Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- Кулактандыруу
- Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
- НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
- Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
- Судебный департамент объявляет конкурс
- КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
- КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
- СООДА-САТЫК
- Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
- Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
613 Бардыгы / Ноокат – республикадагы калкы көп, эл жыш жайгашкан райондордун бири. Ошондуктан райондук ишкана- мекемелелерге кайрылган адамдардын көп болушу табигый көрүнүш. Биз жакында Ноокат райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Маманов Самарбек Токтоболотовичке жолугуп, аны менен ат жалында маектешип кайтканбыз. – Сиз эмгектеген мекеме Кыргыз республикасынын […]
614 Бардыгы / Ноокат – республикадагы калкы көп, эл жыш жайгашкан райондордун бири. Ошондуктан райондук ишкана- мекемелелерге кайрылган адамдардын көп болушу табигый көрүнүш. Биз жакында Ноокат райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Маманов Самарбек Токтоболотовичке жолугуп, аны менен ат жалында маектешип кайтканбыз. – Сиз эмгектеген мекеме Кыргыз республикасынын […]
ЫҢГАЙЛУУ ШАРТ- КАЛК ҮЧҮН
12.08.2021 / Автор anarkan_kg

615 Бардыгы /
Ноокат – республикадагы калкы көп, эл жыш жайгашкан райондордун бири. Ошондуктан райондук ишкана- мекемелелерге кайрылган адамдардын көп болушу табигый көрүнүш.
Биз жакында Ноокат райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Маманов Самарбек Токтоболотовичке жолугуп, аны менен ат жалында маектешип кайтканбыз.
– Сиз эмгектеген мекеме Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун катышуусу менен ачылган. Бул жаңы борбордун артыкчылыгы эмнеде?
-Райондун борбору Ноокат шаарында жайгашкан мурдагы паспорт столунун жана ЗАГСтын имараттары талапка толук жооп бербегендиктен, ал жерге кайрылган жарандар кезек күтүү, убактысын жоготуу көйгөйлөрүнө туш болчу. Райондун борборуна жакын жайгашкан Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, анын биринчи кабаты май айынын аягында калкты тейлөө борборуна берилген.
КР Министрлер кабинетинин башчысынын катышуусу менен ачылган салтанатта райондук калкты тейлөө борборунун жетекчиси Айчүрөк Кадыркулова келген конокторду мында түзүлгөн шарт менен тааныштырып чыккан.
Жаңы имарат биздин кызматкерлерге да, калкка да бир топ ыңгайлуу. Өзүңүздөр байкагандай, кезекке туруу электрондук ыкмага өткөрүлүп, залга заманбап видеокамералар орнотулган. Керектүү арыздарды кабыл алуу, керектүү документтерди даярдоо, аны тапшыруу процесси толугу менен автоматташтырылган. Бизге кайрылган жарандар талап кылынган документтерди борбордун имаратынын ичинен чыкпай эле топтой алууга мүмкүнчүлүк алышты. Мында «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассасы жайгашып, бардык төлөмдөрдү ушул жерде жүргүзө алышат.
Бул кийинки жылдарда республикабызда мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу, калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан натыйжалуу иш-аракеттердин далили.
– Ачыгын айтуу зарыл, жарандарыбыздын баары эле интернетти пайдалана алышпайт. Же маалыматтарды кайдан алууну толук өздөштүрүшө элек. Бул тармакта бир топ жылдардан бери иштеп келе жаткан адис катары жарандар үчүн кошумчалай турган кандай маалыматтарыңыз бар.
– Мен сиздердин газетаңыздардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, окурмандарга каттоо боюнча күбөлүктөрдүн бааларын тастыктап айта кетүүнү туура таптым.
Алар төмөнкүдөй: Туулгандыгы тууралуу күбөлүк-54, каза болгондугу тууралуу күбөлүк-13, никелешүү тууралуу күбөлүк-57, никени ажыратуу тууралуу күбөлүк-20, фамилиясын, аты жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк-13, күбөлүктү кайталап берүү-110 сом турат.
-Турмуш көрсөткөндөй, жаңыдан баш кошкон жаштардын арасында никелешүү тууралуу күбөлүктү калкты тейлөө борборунда же той өткөн жайда салтанаттуу тапшыруусун каалагандар да кезигет. Калкты тейлөө борбору тарабынан ушул багытта көрсөтүлө турган кызматтын бааларына да токтоло өтсөңүз7
-Баш кошкон жубайлардын каалоосу боюнча никелешүү тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшыруу кызматынын баалары тууралуу маалыматтар төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарындагы никелешүү сарайында -1797 сом;
-Ош шаарындагы никелешүү сарайында-822сом;
-Бишкек жана Ош шаарларындагы никелешүү сарайынан сыртта өткөрүлгөн жайларда -4038 сом;
– Республиканын райондук ЗАГС бөлүмдөрүндө- 358 сом;
– Райондук ЗАГС бөлүмдөрүнөн сыртта өткөрүлгөн жайларда -826 сом;
-Сиздин байкооңузда сырттан келген жарандарды каттоого алуу боюнча киргизилген жаңы эрежени катардагы жарандарыбыз кандай кабыл алып жатышат?
– Өлкө ичинде каттоо-чыгаруунун так эсебин алуу жана мамлекеттин ички коопсуздугу үчүн киргизилген мындай жаңы эрежени айрым жарандарыбыз убарагерчилик катары кабыл алса, алардын көпчүлүгү аны туура түшүнүү менен кабыл алып жатышат.
Жаңы киргизилген эреже боюнча сырттан келген жарандарды каттоого алууда үй ээсинин өзүнүн катышуусу, ошондой эле турак жайдын сөзсүз мамлекеттик актысын алып келүүсү зарыл. Жаңыдан каттоого алынуучу жарандын паспорту жана аскердик билети болушу керек
Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Сүрөттө:Ноокат райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо,
калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Самарбек Маманов.
Автор anarkan_kg
-
08.09.2021 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ ЖАКШЫ ИШТЕР БАР
-
-
15.07.2021 / Автор anarkan_kg Асан БОРОМБАЕВ: “КУЛУН-АТА КООЗ АЙМАККА АЙЛАНДЫ”
-
24.05.2022 / Автор anarkan_kg СУЗАК ЖАШТАРЫ ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУГА КАРШЫ
-
-
-
06.01.2022 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ КАЗАКСТАНДАГЫ АБАЛ БОЮНЧА ПИКИРИН БИЛДИРДИ
-
-
18.01.2022 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ОБОНЧУ ЖАНА КОМПОЗИТОР РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВДУ ЭСКЕРИШТИ
Маек
Бактыбек ЖЭЭНБЕКОВ: “АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ ИЧКИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН ПАЙДАЛАНБАЙ ЖАТЫШАТ”
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың? Катарыңдан…
-
10.02.2022 / Автор anarkan_kg Байсал САТЫБАЛДИЕВ: “АНКЛАВДАР БАШ ООРУТЧУ КЕЗ КЕЛДИ”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.