Аймак

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БОЛГОН КӨЗ КАРАШ ӨЗГӨРДҮ

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙГЕ БОЛГОН КӨЗ КАРАШ ӨЗГӨРДҮ

 1,917 Бардыгы /

   Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы Э.Абдыраимов атындагы №54-кесиптик лицей кийинки жылдарда Ош обусундагы алдыёкы окуу жайларынын бирине айланып баратат. Окуу жайынын директору Мансур Султановдун айтуусунда материалдык-техникалык базаны чыёдоо, инвестиция тартуу, инженердик педагогикалык жамааттын жоопкерчилигин жогрулатуу, ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда чечүүнү талап кылган айрым көйгөйлөр да бар. 

– Менин оюмча союз учурунда кесиптик техникалык окуу жайлары, анда окуган окуучулар тууралуу түшүнүк башкача болсо, азыр замандын талабына ылайык адамдардын ага болгон көз карашы таптакыр башка тарапка өзгөрүлгөн,  деп ал сөзүн кайра улантты,- себеби, азыркы учурда кесиптик лицейди бүтүргөн окуучулардын көпчүлүгү жумуш таап, анын натыйжасында бат эле бутуна туруп жаткандыгын аз көздөрү  менен көрүп жатышат. Кесиптик лицейлерге келип окуй турган окуучулардын саны көбөйүп жаткандыгынын себеби мына ошондо. 

    №54-кесиптик лицейинде 3 жылдык, 10 айлык мөөнөттөр менен бюджеттик негизде 249 окуучу ар кандай кесиптер боюнча окуп жатышат. Андан тышкары кыска мөөнөттүү курстардан 2020-2021 окуу жылында 204 окуучу ъз\ каалаган кесиптин ээлери болуп чыкты. Бүтүр\\ч\лърд\н арасында жогорку окуу жайларга тапшырып өз билимин жогорулаткандар да бар. 

Азыркы учурда 249 окуучу 3 жылдык окуу мөөнөтү менен «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты, фермер», «Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү», 10 айлык окуу мөөнөтү менен «Электр жана газ менен ширетүүчү», «Ветеринария» кесипке даярдалып жатат. “Кичи ветеринар”, “Электромонтер”, “Жашылча өстүрүүчү”, “Жеке компьютердин оператору” сыяктуу адистиктер жаёыдан ачылды. Андан тышкары кыска мөөнөттүү курстардан 2020-2021 окуу жылында 204 окуучу ъз\ каалаган кесиптин ээси болуп чыкты. 

Кыска мөөнөттун ичинде кесиптик лицей бардык кесиптер боюнча кезектеги аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Окуу жайды бүтүргөндөрдүн арасында жогорку окуу жайларга тапшырып өз билимин жогорулаткандардын саны жылдан жылга арбын. 

Кесиптик лицейде жалпы 56 мугалим, устат эмгектенип жатат. Анын 17 өндүрүштүк окутуу боюнча устат, 13 предметтик мугалим. Инженердик-педогогикалык жамааттын ичинен «Кесиптик-техникалыык билим берүүн\н мыктысы» деген наамга татыктуу болгон, жогорку категориялуу бир нече мугалим жана өндүрүштүк окутуу боюнча устаттар бар. Алардын арасында жаштарга таалим-тарбия берүүдө өз\н\н кесиптик чеберчилигин көрсөтө алган Д.Ж. Арапова, И.А.Арналиев, Ж.К. Турсуналиев, Акматали уулу Улан, Б.М. Тажибаева, А.Т. Ташполотов, Ш.А.Маматалиева сыяктуу алдыңкы мугалим устаттардын ысымдарын баса белгилеп ът\\ зарыл. Алар өз билимин, тажрыйбасын жаш мугалим устаттарга көрсөтүү менен өрнөк болууда. 

Ынтымак бар жерде иш илгерилейт

Кай жерде ынтымак болсо, ошол жерде иш илгерилеп, жакшы иштер жаралат. Мактангандай болбойлу, биздин окуу жайында жамааттын к\ч\ менен да бир топ 

къзгъ кър\нъърл\к жумуштар жасалды. Биздин ынтымактуулугубуз ичи жылууланган кошумча боксту кеёейт\\дън кър\нд\. Андан кийин септик курулуп, жылытуучу жайдагы от казан кайрадан жасалды. Жамааттын бул аракети жергиликт\\ бийлик, ыктыярдуу демъърч\лър тарабынан колдоого алынды. Алардын колдоосу менен жатакананын бълмълър\ толугу менен ремонттон ъткър\л\п, эски эшик-терезелер, катуу жана жумшак эмеректер жаёылары менен алмаштырылды. 

Азыркы учурда окуу жайында усулдук талапка жооп бере турган керектүү техникалык каражаттар менен жабдылган окуу кааналары, алгачкы өндүрүштүк практика менен тааныштыруу багытында ширетүүчүлүк, тигү\чүлүк, автомобилдерди тейлъъ, ветеринария устаканалар бар. Жогоруда аталган устаканаларда окуучулар теориялык сабактардан алган билимдерин практика жүзүндө бекемдешет. 

Тигүүчүлърд\ даярдап чыгаруучу класстарда мурда 6 гана тигүү машинасы болгон болсо, азыркы күндө анын саны 10го жетип, ал окуучуларга өндүрүштүк сабактарын кеңири өтүүгө шарт т\зд\. Автомобилди тейлъъ тайпаларында окуп жаткан окуучулар үчүн жаңызаманбап жабдуулар орнотулуп, азыркы учурда ал талаптарга жооп бере турган абалга келтирилди. Окуучуларга автомобиль айдоо жана жол эрежелерин \йрът\\ч\ сабактарды натыйжалуу өтүү үчүн автотренажерлар жана автомашиналар кызмат кылууда. Окуу жайы ашкана, жатакана, окуу класстары, өндүрүштүк устаканалар, окуу адистиктери боюнча колдонмолор менен камсыз болгон. 

Инвестиция илгерилъън\н ъбългъс\

Инвестиция илгерилъън\н ъбългъс\ эмеспи. Бул окуу жайында инвестиция тартуу маселеси жакшы жолго коюлган. Мурда Евросоюз, МерсиКо, ЮСАИД сыяктуу эл аралык донорлор менен иштеп келсек, кийинки жылдарда Азия Өнүктүрүү Банкы менен ийгиликт\\ кызматташып жатабыз. АЪБ тарабынан төмөнкүдөй финансылык жардам көрсөтүлдү: Ветеринардык жабдуулар – 1,703,694 сом, Электр жана газ менен ширетүү жабдуулары үчүн – 2,055,524 сом, Тиричилик жабдууларына – 1,725,659 сом. 

Андан тышкары Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттиги тарабынан “Ветеринария” устаканасын куруу үчүн 1,000,000 сом бөлүнүп берилди. 

Азыркы учурда “Ага Хан” фонду аркылуу баасы 3000$ лык мини трактор алуу үчүн сметасы түзүлүп, ал ишке ашуу алдында турат. 

Келечекте ошондой долбоорлор менен иштешип, окуу базасын заманбап техникалар менен толуктоого умтулуп жатабыз. 

Жамаат – жакшы иштердин жандоочулары

Инженердик-педагогикалык жаамат теориялык билимди практика менен бекемдъъдъ окуучулардын активдүүлү\гүн, өз алдынчалыгын өркүндөт\үнүн формаларына жана ыкмаларына олуттуу къё\л буруп келет. Ар жылы окуу жайында кышкы эс алуу учурунда педогогикалык окуулар уюштурулуп турат. Анда окутуунун инновациялык ыкмаларын сабакта колдонуу максатында мугалим, устаттар ъз ара тажрыйба алмашышат. «Модулдук окутуу» усулун колдоо боюнча педагогикалык сабактар уюштурулду. Окуу жайында усулдук иштер бирдиктүү план боюнча жүргүзүлөт, анын алкагында конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүл\п, тажрыйба алмашуу, мугалимдин жана устаттардын 

кесипчилик чеберлигин жогорулатуу, ачык сабактарды талдоо, окутуунун инновациялык ыкмаларын талкуулоо жумуштары жүргүзүлөт. Окуу жайда ички көзөмөл уюштурулуп, анын ичинен график боюнча сабактардын өтүлүшүнъ къзъмъл жүргүзүлөт жана сабактарга талдоо берилип, мугалим, устаттарга усулдук жардам көрсөтүлүп турат. 

Окуу жайынын жетекчилигинин жана инженердик педагогикалык жамаатынын мындай аракети курстан-курска өткөн окуучулардын өндүрүштүк окуу сабактарына кызыгуу менен катышуусуна, окуучулардын сабактарды өздөштүрүүсүнө жана алардын билим деёгээлинин кътър\л\\с\нъ ъбългъ болуп жатат. Окуучуларды адистиктери боюнча окуу куралдары,  колдонмолор менен камсыз кылуу маселесине олуттуу къё\л буруп келе жатабыз. Азыркы учурда биздин окуу жайындагы китепкананын фондунда 10501 китеп бар. 

Бул жерде белгилеп ът\\ч\ жагдай, бизде окуучулардын бош убактыларын пайдалуу ъткър\\ максатында топтор жана тайпалар арасында аларды кызыктыра турган ар т\рд\\ конкурстар, диспуттар ъткър\л\п, спорттук мелдештер уюштурулуп, анын жыйынтыгында аларга баалуу белектер тапшырылып турат. Мындай иш-чаралар биздин окуу жайыбызга келип окуй турган окуучуларды кызыктырууга таасирин берет. Ошондуктан мындай иш-чаралардын кызыктуу ъткър\л\ш\нъ айрыкча маани берилет. 

Кесиптик окуу жайдын окуучулары спорттук мелдештерге да активдүү катышышып, алдыңкы орундарга жетишүүдө. Биздин команда областтык мелдеште волейбол боюнча 2-орунду камсыз кылышты. Эркин күрөш боюнча областта Мырзамухаммед уулу Кайрат 1-орунду ээлесе, Жаныбек уулу Арген 2-орунга жетишти. 

Окуучулар арасында наркоманияга жана токсикоманияга каршы күрөш үзгүлтүксүз жүрг\з\лът. Биздин окуучулар Кыргыз-Ата айыл аймагынын жаштары тарабынан уюштурулган “Биз наркоманияга, коррупцияга каршыбыз”- деген акцияга активд\\ катышты. 

Чече турган къйгъй бар

Ачыгын айтыш керек, жетишкендиктерибиз менен кошо чеч\\н\ талап кылган чоё къйгъй бар.Себеби, биздин окуу жайы 1958- курулган мектептин имаратында жайгашкан. Жыл ъткън сайын анын бълмълър\, спорт залынын эскиргендиги байкалууда. Ошондуктан биздин окуу жайыбыздын имаратын жаёылоо зарыл. Бул багытта жетекчилик жана жамаат тарабынан колдон келгенче аракеттер жасалып жатат. 

Жалпы сметалык баасы 131 млн. сомду т\згън 650 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, устаканалар, актовый, спорт залдары, китепкана, жатакана бата турган 3 кабаттуу имараттын типт\\ долбоору жасалып, ал мамлекеттик экспертизадан ъткър\лгън. Бул маселе боюнча мамлекеттик уюмдарга же чет ълкъл\к демъърч\лъргъ кайрылып жатабыз. Долбоор колдоого алынып калса, республикада калктын саны къп жайгашкан райондун бир көйгөйү чечилип, бош жүргөн  жүздөгөн жаштарыбыз ар түрдүү кесипке ээ болуп, аймактын жарандары жумуш орду менен камсыз болмок. 

Жумушчу орун түзүлгөн  жерде мамлекеттин бюджетине чегерилүүчү төлөмдөрдүн көлөмү көбөймөк. 

    Мындан тышкары окуу жайындагы автомобилдердин жана тракторлордун колдонуу мөөнөтү өтүп, автопаркты, заманбап тигүүчү машиналарды жаңылоо, окуу класстарын интерактуу доскалар менен камсыздоо маселелерин да чечүүгө тийишпиз. 

   Биздин жамаат мындан ары да окутуунун, өндүрүштүк сабактын сапатын, сабактарга катышууну жогорулатуу, кесиптик лицейде иштөөгө кызыккан адистерди тарбиялап, аларды алып калуу, жумуш берүүчү ишканалар менен байланышты күчөтүү, калкты ишке жайгаштыруу борборлору менен бирдикте жумушсуз жарандарды кыска мөнөттүк  курстарда окутуу, базар экономикасынын талабына ылайык келген адистерди даярдоо, жаңы долбоорлор менен иштеп, окуу жайдын базасын кенейтүү багытындагы иштерди жүргүзө бермекчи. 

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17