Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

НООКЕНДЕ МИСТЕ ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

НООКЕНДЕ МИСТЕ ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

 72 Бардыгы /


28-август күнү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кочкор-Ата шаарында эл аралык “МИСТЕLAND” фестивалы болуп өттү.

Ага жогорку кеңештин депутаттары, Кыргыз республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, токойчулар, жеке ишкерлер, илим чөйрөсүнүн адамдары жана ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл- иш чаранын уюштуруунун негизги максаты облус аймагында өстүрүлгөн мистени чет өлкөгө таанытуу жана инвесторлорду тартуу , аянттарды туура пайдалануу менен кайра иштетүүнү колго алуу экенин билдирди.
Бул багыттагы көрүлгөн натыйжалуу аракеттер жергиликтүү бюджетти арттыруу менен бирге тургундардын да кирешесин көбөйтөөрүн айтты. Бүгүнкү жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулган мисте майрамы да ага чоң салым кошорун алдыда кайра иштетүү боюнча натыйжалуу долбоорлор каржылык колдоого алынарын билдирди.

Фестиваль сахна жылдыздарынын катышуусунда концерттик программада болуп, аймакта өстүрүлгөн мистенин түрдүү сорттору жана башка айыл чарба азыктарынын көргөзмө жарманкеси менен улантылды.

Иш чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүнүн өнүктүрүү боюнча 6 мамлекеттин катышуусундагы онлайн форум болду.

Белгилей кетсек Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токо й чаобасына карайт.

АБДЫКЕРИМ кызы Айсезим
«Аймак»

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17