Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,153 Бардыгы / Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылы түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз тарап 6-сентябрда Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда билдирди. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгону, “калыс жана ачык тергөө зарыл” экени айтылган. Тышкы иштер […]
1,154 Бардыгы / Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылы түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз тарап 6-сентябрда Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда билдирди. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгону, “калыс жана ачык тергөө зарыл” экени айтылган. Тышкы иштер […]
АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ИШИ КАЙРА ТЕРГЕЛЕТ
08.09.2021 / Автор aymak

1,155 Бардыгы /
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2020-жылы түрмөдө каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөгө даярданууда. Бул тууралуу кыргыз тарап 6-сентябрда Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда билдирди.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта, отурумда кыргызстандык укук коргоочу Аскаровго байланыштуу маселе козголгону, “калыс жана ачык тергөө зарыл” экени айтылган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Брюсселдеги жыйынга министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев баштаган делегация катышканын кабарлады. Анда адам укуктарынын абалы, анын ичинде COVID-19 пандемиясында, укук коргоо жана шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги, жарандык коом, аялдардын жана балдардын укуктары, басмырлоого каршы күрөш маселелери козголду.
2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.
Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталган. Бирок кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.
“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп таап, кайра кароого жол ачылганын “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирген эле.
Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келүүдө.
WWW.
Автор aymak
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
11.03.2025 / Автор anarkan_kg 100 МИЛЛИОНГО БААЛАНГАН ЖЕР ТИЛКЕСИ МЕНЕН МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ЭРТЕ ЖАЗ” ФЕСТИВАЛИ ӨТТҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.