Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,021 Бардыгы / 12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти. Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар […]
1,022 Бардыгы / 12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти. Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар […]
ЛОНДОНДОГУ УГУУДА ЭТНИКАЛЫК ЭКИ КАЗАК ШИНЖАҢ ЛАГЕРЛЕРИНДЕГИ КЫЙНООЛОР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРИШТИ
13.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,023 Бардыгы /
12-сентябрда Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыгынын өкүлдөрүнүн куугунтукталышына байланыштуу угуулар уланды. Сотто Бакытали Нур жана Орынбек Коксебек аттуу эки шинжаңдык казак көрсөтмө берип, “лагерлердеги” кыйноолор жөнүндө айтып беришти.
Бакытали Нурдун айтымында, аны Кытай полициясы 2017-жылы кармап, “террордук өлкөлөрдүн тизмесиндеги мамлекетке барганы үчүн” лагерге жөнөтүлгөн. Укук коргоо органдары анын алты айлык боюнда бар аялын аборт кылдырууга мажбурлаган.
Нур мындан тышкары аны менен лагерде чогуу жаткан уйгур улутундагы жигиттин кыйноого алынганы жөнүндө айтып берди.
“Аны түнчүндө камерадан алып кетип, төрт күндөн кийин алып келишти. Анын эки колу тең иштебей калгандыктан, тамактануусуна жана ажаатканага баруусуна мен жардам берип жүрдүм. Ал “төрт күн бою колуман асылып турдум, алгач бутумдун учу жерге тийбей турса, төртүнчү күн дегенде тарамыштарым чоюлуп, бутум жерге тийип калды” деп айтып берди. Анын денесинде электрошокердин көптөгөн тактарын көрдүм. Андан “мешребге” (уйгурлар чогулуп сүйлөшүп, убакытты өткөрө турган жер) барганда террорчулар эмне деп сүйлөшкөнүн айтууну талап кылышкан”, — деди Бакытали Нур.
Орынбек Коксебек Шинжаңдагы лагерде төрт ай кармалып, андан соң эки ай үй камагында болгонун билдирди.
“Мени кытай тилин билбегендигим жана Казакстандын жараны болгонум үчүн түрмөгө камашкан. Алар мени кантип кыйнаганын сөз менен айтып жеткире албайм”, – деди Коксебек. Ал Казакстанга кайтып келгенден кийин белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга кабылганын кошумчалады.
Лондондо Кытайдын Шинжаң аймагында уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин куугунтукталышына байланыштуу экинчи угуу 10-сентябрда башталган. Алгачкы отурум июнь айында өткөн.
Эл аралык басылмаларда “Уйгур трибуналы” деп аталып калган сот жараянында Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарды куугунтукташына байланыштуу далилдер иликтенип, Геноцид жөнүндө конвенцияга ылайык, Бээжиндин аракетине баа берилет.
Бул күндөрү британиялык адвокат Жеффри Найс төрагалык кылган комиссия саясий лагерлерде болгон күбөлөр менен катар окумуштууларды жана эксперттерди угуп жатат.
Британиялык ЖМКлардын билдиришинче, угуунун юридикалык күчү жок, бирок уюштуруучулар бул жараян Кытайдын түрк тилдүү мусулмандарга каршы куугунутук саясатына баа берет деп үмүттөнүшөт.
Кытай бийлиги буга чейин аталган угууну кескин сындаган. Sky News кабарлагандай, экинчи угууну алдында Кытайдын Улуу Британиядагы элчиси Чжэн Чжэгуань бул жараянды Бээжинди дискредитациялоого багытталган “саясий манипуляция” деп атаган.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.
Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.
Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
03.06.2024 / Автор anarkan_kg ДАН ЭГИНДЕРИН ОРУП ЖЫЮУДА ӨРТТӨН АЛДЫН АЛАЛЫ
-
12.06.2024 / Автор anarkan_kg АСКЕР КЫЗМАТЧЫЛАРЫ АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg СЕЛДЕН УЛАМ БИШКЕК – ОШ УНАА ЖОЛУ ЖАБЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.