Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА

КҮЙДҮРГҮ ООРУСУНА ЧАЛДЫККАНДАР 41 АДАМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТА БОЛУШКАН

КҮЙДҮРГҮ ООРУСУНА ЧАЛДЫККАНДАР 41 АДАМ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТА БОЛУШКАН

 18 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргүгө күмөндөлүп ооруканага жаткырылган эки адамдын лабораториялык анализи оң чыкты. Бул жөнүндө Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев шардана кылды.

-Текшергенде, калган беш адамдан терс жыйынтыктар чыкты. Лабораториялык изилдөө дагы эле улантылууда, биз дагы алардын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бейтаптардын абалы дээрлик канааттандырарлык. Баары тең катарынан дарыланууда. Булар менен азырынча 41 байланышы барлар аныкталды. Мунун арасында 14 жашка чейинки он адам, калгандары улуу курактагылар, – деп кошумчалады Республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев.

Айтмакчы, күйдүргү дарты – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. 2010-жылы өлкөбүздө 28 адам дал ушул оорудан каза тапкан эле. Ал терини, кээде ичеги-карыңды, өпкөнү жабыркатат жана канды дагы абдан тез бузат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17