Аймак

ТОГУЗ-ТОРОДО 4 ГЕКТАРГА ЖАКЫН АЙМАКТАГЫ ЖАПАЙЫ КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

ТОГУЗ-ТОРОДО 4 ГЕКТАРГА ЖАКЫН АЙМАКТАГЫ ЖАПАЙЫ КАРА КУУРАЙ ЖОК КЫЛЫНДЫ

 1,542 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү жана УКМКнын райондук бөлүмү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу-чараан жапайы кара куурайды жок кылуу иштерин жүргүзүштү.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим Айыл Өкмөтүнө караштуу Чийлүү-Колот, Алтын-Дөбө, Келин-Таш жана Казык участкаларында өскөн төрт гектарга жакын аймактагы жапайы кара куурай орулуп, толук бойдон өрттөлүп жок кылынды. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга маңзаттарынын зыяндуулугуна, ошондой эле анын пайдалануу жана соодалоо кылмыш экендигин түшүндүрүү жараяны ырааттуу  жүргүзүлдү.

Ошентип, элеттик тургундарга кылмыштуулуктан жана маңзатты такай колдонуудан алыс болуу зарылдыгы дагы абдан катуу эскертилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17