Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,678 Бардыгы / БИШКЕК. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышышты. Айтмакчы, “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ […]
1,679 Бардыгы / БИШКЕК. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышышты. Айтмакчы, “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ […]
АКШ ЭЛЧИЛИГИ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНӨКТӨШТӨР 11-КЫЛЫМДАГЫ БУРАНА МУНАРАСЫН САКТОО ЖАНА КОРГОО БОЮНЧА ДОЛБООРДУ БАШТАШТЫ
27.09.2021 / Автор anarkan_kg

1,680 Бардыгы /
БИШКЕК. АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун ачылыш аземин өткөрдү. Маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин жетекчилери катышышты.
Айтмакчы, “Кыргызстандагы 11-кылымдагы Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунда АКШ Элчилеринин маданий баалуулуктарды сактоо фондунан (AFCP) 200000 доллардан ашуун көлөмдөгү каржылоо каралган. Аталган иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн, мунун ичинде айтылуу Шоро компаниясынын колдоосу аркасында өткөрүлдү.
АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин убактылуу ишенимдүү Өкүлү Соната Коултер иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз маданиятына болгон урмат-сыйын мындайча баса белгиледи: – Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал мындан ары дагы миңдеген жылдар бою дагыле бекем турат деп абдан үмүттөнөбүз! Бүгүн биз Кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз – АКШ өнөктөштүгүн өзгөчө белгилеп жатабыз.
Директор Чолпон Турдалиева жетектеген Музейдик Демилгелер Коомдук Биримдиги Борбору бул долбоорду Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер менен чогуу-чараан жүзөгө ашырмакчы. Дасыккан адистер тобу Бурана мунарасынын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтиришип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдарын жер титирөөдөн дагы бекем коргойт. Долбоор ичине мындан тышкары Маданият министрлигинин жана Бурана мунарасынын музей-комплексинин кызматкерлери, кураторлор жана реставраторлор үчүн семинарларды жана мастер-класстарды өткөрүү дагы камтылган. Ал эми Санарип Медиа өнөктүгү байыркы Бурана мунарасынын маданий эстелик катары маанисин жайылтып, көбүрөөк конокторду тартуу үчүн маалымат жайылтууну ого бетер жогорулатат.
Ошентип, АКШнын Мамлекеттик департаменти 2001-жылы Адамзаттын жалпы маданий мурасын белгилөө үчүн AFCP Уюмун түптөгөн. AFCP аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаменти жыл сайын дүйнө жүзү боюнча абдан уникалдуу маданий мурастарды коргогон долбоорлорду гана каржылайт. AFCP каржылаган Кыргыз Республикасындагы буга чейинки долбоорлорго Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо кирет. Бурана мунарасын калыбына келтирүү гранты менен АКШ өкмөтү AFCP аркылуу Кыргыз Республикасындагы маданий жайларды сактоого 500 000 доллардан ашуун салым кошуп келет.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
-
14.07.2025 / Автор anarkan_kg АЛА-БУКА РАЙОНУНДАГЫ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАЙЛАРДЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
28.10.2024 / Автор anarkan_kg ЗАМАНБАП КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛАТ
-
-
13.11.2024 / Автор anarkan_kg ЖЕР АЙДАБАЙ ТҮШҮМ СЕБҮҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.