Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,780 Бардыгы / ОШ. Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында – мурдагы маданият министри, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын негиздөөчүсү Акун Токтосартовдун кичи мекенинде китепкана ачылды. Ошентип, бул салтанатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өзү катышты. Өкмөт мүчөсү мындай заманбап китепкананын ачылышына жана айыл жеринде элеттик жаштар үчүн билимдин жана маданияттын борборуна айлана турган […]
1,781 Бардыгы / ОШ. Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында – мурдагы маданият министри, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын негиздөөчүсү Акун Токтосартовдун кичи мекенинде китепкана ачылды. Ошентип, бул салтанатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өзү катышты. Өкмөт мүчөсү мындай заманбап китепкананын ачылышына жана айыл жеринде элеттик жаштар үчүн билимдин жана маданияттын борборуна айлана турган […]
АЛАЙ-КУУ ӨРӨӨНҮНДӨ ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА ИШКЕ КИРИШТИ
13.10.2021 / Автор anarkan_kg1,782 Бардыгы /
ОШ. Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында – мурдагы маданият министри, эл аралык “Руханият” ассоциациясынын негиздөөчүсү Акун Токтосартовдун кичи мекенинде китепкана ачылды.
Ошентип, бул салтанатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өзү катышты. Өкмөт мүчөсү мындай заманбап китепкананын ачылышына жана айыл жеринде элеттик жаштар үчүн билимдин жана маданияттын борборуна айлана турган демилгелердин колго алынышын Маданият министрлиги колдой тургандыглыгын баса белгилеп, китепкана фондусуна 200 миң сомдук китепти тапшырды. Андан ары министр өз сөзүндө Акун Токтосартовдун жалпы маданият тармагына кошкон барандуу салымын, анын искусстводогу ордун баса белгилөө менен, айыл элин мындай билим казынасынын кайрадан жаңыртылып ачылышы менен куттуктап, Акун Токтосартовдун үй-бүлөсүнө терең ыраазычылыгын дагы билдирди.
Эске салсак, 2019- жылы Кара-Кулжа районунун Ой-Тал Айыл Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Көңдүк айылынын китепканасына Акун Токтосартовдун ысымы ыйгарылган. Муркумдун уулу Камалдин Токтосартов эски китепкананы кайрадан жаңылап, толук жабдуулаган соң ал кайрадан пайдаланууга тапшырылды.
Айтмакчы, Акун Токтосартов Кара-Кулжа районуна караштуу Көңдүк айылында төрөлгөн. Ал мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайын, Ош мамлектеттик педагогикалык институтун, Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1965-1977-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинин жооптуу кызматкери, 1977-1985-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысы, 1985-1991-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинин биринчи орун басары, маданият министри, 1992-1994-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик филармониянын директору, 1994-1997-жылдары “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдө “Манас айылы” тарыхый-маданий комплексинин курулушун жетектеген. 1992-жылдан 2013-жылга чейин өзү негиздеген «Руханият» ассоциациясынын президенти эле.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
13.11.2023 / Автор anarkan_kg ОШМПУнун ЗАМАНБАП 5 КАБАТТУУ ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.