Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

КАЗАКСТАНДА УЛУТТУК БАНКТЫН АЛДЫНДА АКЦИЯ ӨТКӨРГӨН АКТИВИСТТЕРГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

КАЗАКСТАНДА УЛУТТУК БАНКТЫН АЛДЫНДА АКЦИЯ ӨТКӨРГӨН АКТИВИСТТЕРГЕ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

 18 Бардыгы /

12-октябрда Нур-Султандагы административдик сот каттоодон өтпөгөн “Казакстандын демократиялык партиясынын” төрт активистине айып пул салды. Өкүмгө ылайык, алардын ар бири мамлекетке 14,5 миң теңгеден (34 доллар) төлөп берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу активист Инга Иманбай билдирди.

Анын айтымында, аларга Улуттук банктын алдында акция өткөргөндөн кийин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча айып тагылган.

— Азырынча соттун өкүмү жарыялана элек. Айгерим Тлеужан жана Аружан Дуйсебаева аттуу дагы эки активисттин соту бүгүн болот. Азыр алар камакта отурушат, — деди Иманбай.

12-октябрда “Казакстандын демократиялык партиясынын” мүчөлөрү өлкөнүн Улуттук банкынын алдында акция өткөрүп, калкка насыя боюнча мунапыс берүүнү талап кылышкан. Активист Айгерим Тлеужандын айтымында, чогулгандар бийликке бир нече талап койгон:

  • коллектордук компаниялар берген көйгөйлүү насыяларды кечүү;
  • жеке жактардын банкроттуулугу тууралуу мыйзамды кабыл алуу;
  • активисттер чогултуп келген банктарда карызы бар 100 миң адамдын арызын кароо жана алар боюнча чечим чыгаруу;
  • ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган коллектордук компаниялар менен сот арачаларынын жоопкерчилигин кароо;
  • кичи насыя берүү уюмдардын пайыздык чендерине мамлекеттик көзөмөл киргизүү.

Активисттер Улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаевдин чыгышын талап кылып, имараттын алдында ачкачылык жарыялай турганын билдиришкен. Бирок кечке жакын аларды полиция кармап кеткен.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17