Аймак

БАТКЕНДЕ КҮЙӨӨ БАЛАСЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП КАЙНАГАЛАРЫ КАРМАЛЫШТЫ

БАТКЕНДЕ КҮЙӨӨ БАЛАСЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП КАЙНАГАЛАРЫ КАРМАЛЫШТЫ

 51 Бардыгы /

БАТКЕН. Баткен облусунда күйөө баласын эки кайнагасы мыкаачылык менен өлтүрүшүп, анан дагы жиликтеп туруп дааратканага салып, үстүн топурак менен көмүп салышкан. Ошондуктан, алар алыс узабастан кармалышты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ушул жылдын 17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып, бирок, үйүнө кайрылып келген эмес. Буга кабытырланган бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милицияга кайрылган. Бул факты Баткен РИИБинде каттоого алынып, дароо эле издөө иштери жүрө баштаган. Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, мунун натыйжасында шектүү катары Баткен шаарынын Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аныкталып, кармалышты.

Ошентип, бул факты өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү категориясына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери кызуу улантылууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дагы дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17