Аймак

COVID-19ГА БАЙЛАНЫШТУУ ХОККЕЙ БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ТОКТОТУЛДУ

COVID-19ГА БАЙЛАНЫШТУУ ХОККЕЙ БОЮНЧА ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ ТОКТОТУЛДУ

 1,344 Бардыгы /

Эл аралык хоккей федерациясы 26-декабрда Канадада башталган өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатын токтотуу чечимин кабыл алды. Буга мелдеш катышуучуларынын арасында коронавирустун омикрон штаммынын жапырт жайылуусу себеп болду.

28-декабрда коронавирус АКШ курамасында ойногон эки хоккейчиден табылган. Ал күнү команда Швейцариянын курамасына каршы беттешке чыкпай, атаандаштарынын эсебине техникалык жеңиш жазылган.

29-декабрда коронавирус Чехия курамасынын хоккейчисинен табылып, алар да Финляндия командасы менен боло турган оюнга чыккан эмес. Жыйынтыгында финндердин эсебине да техникалык жеңиш жазылган.

30-декабрга караган түнү Орусия курамасынын лидери Матвей Мичковдон коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Мындан тышкары чемпионатты тейлеп жаткан беш калыс COVID-19 жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Акыркы жумаларда коронавирустун омикрон деп аталган жаңы штаммы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17