Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,710 Бардыгы / Өлгөндөр даңкталмайын, Тирүүлөр баркталбайт! Мукагали МАКАТАЕВ, Казак акыны. Турар, Жолон, Курбаналы, Калдыбай, Кай жылдардын бүктөмүндө калдыңар?!? Абдилаат ДООРОВ, Кыргыз акыны “Агай!” деймин. Агай болбой калдыңыз, Жүрөгүмдө, сезимимде, акылда. Бүгүн болсо ырыңызды кайра окуп, […]
2,711 Бардыгы / Өлгөндөр даңкталмайын, Тирүүлөр баркталбайт! Мукагали МАКАТАЕВ, Казак акыны. Турар, Жолон, Курбаналы, Калдыбай, Кай жылдардын бүктөмүндө калдыңар?!? Абдилаат ДООРОВ, Кыргыз акыны “Агай!” деймин. Агай болбой калдыңыз, Жүрөгүмдө, сезимимде, акылда. Бүгүн болсо ырыңызды кайра окуп, […]
КАЛДЫБАЙ УУЛУ КУРБАНБАЙ
18.01.2022 / Автор anarkan_kg2,712 Бардыгы /
Өлгөндөр даңкталмайын,
Тирүүлөр баркталбайт!
Мукагали МАКАТАЕВ,
Казак акыны.
Турар, Жолон, Курбаналы, Калдыбай,
Кай жылдардын бүктөмүндө калдыңар?!?
Абдилаат ДООРОВ,
Кыргыз акыны
“Агай!” деймин. Агай болбой калдыңыз, Жүрөгүмдө, сезимимде, акылда. Бүгүн болсо ырыңызды кайра окуп, Башымы ийдим Улуу Инсан, Акынга!
Сактанбай МОМУНАЛИЕВ, профессор
Тээ өткөн кылымдын соңунда, тактап айтканда, 1994-жылы ошогездеги абдан абройлуу республикалык “Кыргызстан маданияты” гезитине атактуу акын жана жазуучу Эрнис Турсунов “ҮЗӨҢГҮ ЖОЛДОШТОН УЛАНГАН СӨЗ” аттуу көлөмдүү макаласын жарыялаган эле. Ошол материалдын төмөнкү абзацын улам-улам кайталап окуп, чындыгында, мен дагы кадимкидей эле жашып, а түгүл кадимкидей өкүрүп ыйлаганмын. Азыр дагы жеке архивимден дал ушул эскерүүнү издеп таап, ар бир сабына – сөзүнө тереңирээк үңүлүп, моминтип түн бир оокумда кашайган көзүмдү катарынан жашка чайып олтурам.
- Кыйналып окуп, кыйналып иштеп, кыйналып жашап, өз ордун
таппай кеткен жеке эле Сокем эмес, азыр айтыла баштаган Т. Эргешов, К. Сабыров, К. Калдыбаев, М. Казакбаев, М. Толубаев, Ж. Молдалиев, Ж. Турдалиев, Б. Сартов, Т. Муканов сыяктуу келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаштар болгон. Булардын айрымдары жогорку окуу жайларын бүтүргөн соң, иш таппай көчөдө калышты. Айрымдары “ичип” кетишти, айрымдары жашоодон тоюп, жандан кечип салышты. Булардын тагдырына кайгырып, кийлигишип, көз салган Уюм, же Жетекчи болбоду. Мансапта олтургандар керт башынын гана камын ойлоп, адабияттын келечеги тууралуу укпай коюшту. Ошентип, булардын кимдер экендигин билбей дагы калышты, – деп Эрнис агабыз ТУРСУНОВ кашкайган чындыкты убагында мойнуна алганы бар…
Ооба. Ошондой трагедиялуу жеке турмушу залкар акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВди дагы терең кайгыга чөктүрүп, кыйла эле мүңкүрөткөндүгүн көпчүлүк дагыле биле элек. Бул кайгы-капасын акын өз кезегинде алтынга алмашкыс поэтикалык саптарында гана абдан таасын чагылдырганга үлгүргөн.
“Ак сүт ичсем элде жок,
Алтыным агып селде жок!
Алты жыл тепсем оромпой,
“Ай!” деп койгон пенде жок!
* * * * *
Көз ачып көргөн Зульфиям,
Көңүлүм улап койгон жок!
Арзыган уулум Ак-Назым,
Алымды сурап койгон жок!
* * * * *
Даанышман болуп башында,
Дарс айтып турган жашымда.
Агайын-тууган жүрчү эле,
Айланышып кашымда!” – деп ошогезде кайран акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВ өз тагдырына чындап кейигенчелик бар эле…
Анан дагы улуу талант:
Он жолуксам, үзбөй сунган кош колун,
Онтоп калсам, оору жолун тосконум.
Каараныңар медер болчу калдайган,
Кайдасыңар, бирге окуган досторум?!? – деп убагында кадимкидей жер муштап зарлаганына неге көңүл бөлбөдүк экен, аттиң…
Ошентсе дагы, биздин зор бактыбыз бар экен. Акын Табылды Мукановду көрүп-билип калдык. Ал ыраматылык кашкөй биздин жездебиз эле. Ал эми Тургунбай ЭРГЕШОВду жана Курбанбай КАЛДЫБАЕВди студент кезибизде ээрчип жүрдүк (Анткени, мен убагында ОГПИде – азыркы ОшМУНун филология факультетинде окуп калган элем – автор). Биз дал ушул кайталангыс таланттардын түздөн-түз таасиринде гана чоңоюп, андан ары чыгармачыл инсан сыңары торолбодукпу. Тилекке каршы, айтылуу акын акем Курбанбай менен жылуу-жумшак мамилебизди шум ажал чырт үздү дагы, бизди – чыгармачыл жаштарды типтирүүлөй жетим калтырды. Курбанбай КАЛДЫБАЕВ өзү түптөгөн Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (ОМПИнин – азыркы ОшМУнун – автор) акын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий ийриминин “Сапар түйшүгү” кереги гезити кийинчерээк башкалардын жетегинде жарык көрүүсүн улантты.
Баса, кайран акын Курбанбай КАЛДЫБАЕВдин өмүрүнүн соңку күндөрү абдан эле кунарсыз, анан дагы өтө супсак окуялар менен коштолгондугун жакындарынан угуп, тирүүсүндө мен ага арнап чиймелеген ыр саптарымды улам-улам жадымда кайталап, дагыле өзүмдү моминтип сооротуп гана келатам.
Мезгил ылгайт. Ким бечел да? Ким кыйын?
Жүзүн буруп, кыянаттык кылбаса…
“Акынмын!” деп дердейгеним бир тыйын!
Менин ырым мен жыттанып турбаса…
Мен аскерде Ленинград калаасында (азыркы Санкт-Петербург шаарында) кызмат өтөп жүргөнүмдө абдан суук кабарды угузушуп, жаш жүрөгүмдү жара тилдиришти. Тактап айтканымда, 1984-жылдын 11-январында, чыгармачылыгы ташкындап турган 46 жаш курагында кайран агабыз кашайып автожол кырсыгына кабылган бойдон андан ары чын дүйнөгө бизди таштап кете бериптир, аттиң…
Ошондон бери
“Бетеге кетти, бел калды,
Осмо кетип, каш калды.
Оомат кетип, баш калды.
Эпитафия жазылган,
Мүрзөмдө жалгыз таш калды…” – деп кайран Курбанбай акын КАЛДЫБАЕВ ыраматалык Кыргыз жергесинин асманында дагыле Ак шумкардай шаңшып учуп жүргөндөй туюулат мага…
“Өлгөндөр даңкталмайын,
Тирүүлөр баркталбайт!” – деп Казак булбулу Мукагалди МУКАТАЕВ жөн жеринен какшабаптыр, эй! Мен билгенден жана абдан терең түшүнгөндөн Курбанбай КАЛДЫБАЕВ ар-намыска төрөлгөн азаматыбыз эле. Кыска өмүрүндө Кыргыз поэзиясынын айдыңында түбөлүккө өчпөс из калтырды. Тилекке каршы, биз – мекендештери акындын мээнетин көзү тирүүсүндө таптакыр баалабадык. Дагыле кендирибизди кескен көралбастык жана дагы ич күйдүлүк сезимине жетелендик. А эмичи?!?
Ушундай залкар талантыбыздын көзү тирүүсүндө өзү белендеп, тилекке каршы, белгисиз себептер менен дайынсыз жоголуп кеткен “Комуз” (2007 сап), “Апрель” (2100 сап), “Өмүргө жана сага жазган каттар” (2800 сап) аталган ыр жыйнактарын издеп таап, китеп кылып бастырып, маркум залкарыбызга көзү өткөндөн кийин деле “Кыргыз Эл Акыны” ардак наамын ыроолоп, сообуна калсак, мындан баарыбыз тең утаар элек. Дал ошондо кагылайын Кыргыз калкым кайталангыс акынынын эмгегин үстөккө-босток эскерип, талантына чындап тан берип турбайт беле, аттиң…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АТАТҮРК ПАРКЫНАН ЖЕР АЛГАН ЖАРАНДАРДЫН БИР ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АДАХАН МАДУМАРОВ УКМКНЫН ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ЧЫКТЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ
-
-
21.12.2023 / Автор anarkan_kg КЕРБЕН ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫРЫЛАТ
-
29.12.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЭС АЛУУ БАГЫ АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.