Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ: ӨРТТӨН УЛАМ “МОСКВА” АСКЕРДИК КЕМЕСИНИН ЭКИПАЖЫ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИ: ӨРТТӨН УЛАМ “МОСКВА” АСКЕРДИК КЕМЕСИНИН ЭКИПАЖЫ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

 543 Бардыгы /

Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы эсептелген “Москва” аттуу ракеталык кеменин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылды. Бул тууралуу бейшембиге караган түнү Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Орусиянын ТАСС жана РИА “Новости” мамлекеттик агенттиктери Коргоо министрлигине шилтеме кылып, крейсер өрттөн улам олуттуу жабыркаганын, өрттүн тутанган себеби иликтенип жатканын жазышты. Билдирүүлөрдө жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат берилген эмес.

Буга чейин Украина “Москва” кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге “Нептун” ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.

“Москва” кемесиндеги экипаждын саны түрдүү маалыматтар боюнча 510-758 адамга чейин болушу мүмкүн. Крейсер Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки алгачкы күндөрү Одесса облусундагы Змеиный аралындагы аскердик операцияга катышкан. Анда бир топ украин жоокери курман болуп, айрымдары барымтага алынганы айтылган.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17