Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,354 Бардыгы / Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өлкөнүн Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиум башчылыгынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Экологиялык уюмдар ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьеванын айтымында, Назарбаева ыйгарым укуктарынан январь айында эле баш тарткан. “Ооба, Алия Назарбаева Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун башчысы ыйгарым укуктарын январдын аягында эле өткөрүп берген. 4-февралда ассоциациянын […]
1,355 Бардыгы / Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өлкөнүн Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиум башчылыгынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Экологиялык уюмдар ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьеванын айтымында, Назарбаева ыйгарым укуктарынан январь айында эле баш тарткан. “Ооба, Алия Назарбаева Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун башчысы ыйгарым укуктарын январдын аягында эле өткөрүп берген. 4-февралда ассоциациянын […]
АЛИЯ НАЗАРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫЛЫГЫНАН КЕТТИ
28.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,356 Бардыгы /
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева өлкөнүн Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиум башчылыгынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Экологиялык уюмдар ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы Айгүл Соловьеванын айтымында, Назарбаева ыйгарым укуктарынан январь айында эле баш тарткан.
“Ооба, Алия Назарбаева Казакстандын Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумунун башчысы ыйгарым укуктарын январдын аягында эле өткөрүп берген. 4-февралда ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынын өткөргөнбүз”, — деген Соловьева Tengrinews.kz сайтына берген маегинде.
Алия Назарбаева Экологиялык уюмдар ассоциациясынын президиумун 2017-жылы ноябрда уюм түзүлгөндөн бери жетектеп келген. Расмий маалыматка ылайык, аталган ассоциация экологиялык демилгелерди өнүктүрүү менен алектенет.
Өткөн жумада Казакстан таштанды иштетүүчү алты завод куруу ниетинен баш тарткан. Ага чейин заводдорду куруу ишин Алия Назарбаевага таандык экени айтылып жүргөн Waste2Energy компаниясы аткара турганы кабарланган.
Февралда “Казакстан темир жолу” ишканасы Instant Payments компаниясы менен түзүлгөн келишимди мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарганын билдирген. Документтерде аталган компаниянын түзүүчүсү катары Алия Назарбаева көрсөтүлгөн.
Январда Токаев Алия Назарбаева менен байланышы бар экени айтылган “Оператор-РОП” компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик “Жасыл даму” ишканасына жүктөгөн.
Расмий маалымат боюнча кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын таасири азайып, азыркы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин таасири тескерсинче өсүп жатканы белгиленип келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ТӨРӨТ ҮЙҮ УБАКТЫЛУУ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ
-
04.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧАЛАР ЖАНА МЕКТЕПТЕР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.