Аймак

ТАШКЕНТ АЭРОПОРТУНДА КАРА КУУРАЙДЫН МАЙЫ КОШУЛГАН ТАТТУУЛАРДЫ АЛЫП ӨТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖҮРГҮНЧҮ КАРМАЛДЫ

ТАШКЕНТ АЭРОПОРТУНДА КАРА КУУРАЙДЫН МАЙЫ КОШУЛГАН ТАТТУУЛАРДЫ АЛЫП ӨТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН ЖҮРГҮНЧҮ КАРМАЛДЫ

 1,131 Бардыгы /

Нью-Йорктон Ташкентке учуп келген жарандын жанынан курамында кара куурайдын майы бар шоколад, мармелад жана сагыз табылды.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети билдиргендей, Нью-Йорктон келген жарандан шектүү жүк – 18 мармелад конфети, 2 таңгак сагыз жана 10 даана шоколад табылган. Баарынын курамында кара куурайдын майы болгон. Бул жөнүндө маалымат таңгактардын сыртында да көрсөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө багаждан маңзатты майдалоо, колдонуу үчүн керектелүүчү ар түрдүү 14 даана прибор болгон.

Мындан тышкары бажы кызматкерлери көз айнек салына турган футлярдан 1,2 грамм марихуана табышкан. Жүктүн ээси аларды медициналык максатта пайдаланарын, Өзбекстандын мыйзамдары менен тааныш эместигин айткан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17