Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ТҮНДҮК КОРЕЯДА БИР СУТКАДА COVID-19 ЖУКТУРГАН 167 МИҢ ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛДЫ

ТҮНДҮК КОРЕЯДА БИР СУТКАДА COVID-19 ЖУКТУРГАН 167 МИҢ ЖАҢЫ УЧУР КАТТАЛДЫ

 324 Бардыгы /

Түндүк Кореяда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктурган 167 650 жаңы учур катталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук башкармалыкка шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бийлик расмий түрдө “безгек” деп атап жаткан бул илдетке апрелдин башынан бери 2,8 миллион киши чалдыгып, 68 бейтап каза болду.

Майдын башында Пхеньян өлкөдө COVID-19дун биринчи учуру катталганын билдирген. Буга байланыштуу Түндүк Кореяда чукул абал киргизилип, карантин жарыяланган. Өлкө лидери Ким Чен Ын вирустун жайылышын токтотуу тапшырмасын берип, кризис жөнгө салынарын убада кылган.

Буга чейин расмий Пхеньян пандемияда COVID-19дун бир да учуру катталбаганын билдирип келген. Бийлик буга чек араларды толук жабуу жардам бергенин айткан. Жетекчилик атүгүл эл аралык долбоордун алкагында вакцина алуудан баш тарткан.

Коронавирус аныкталганы тууралуу билдирүүдөн кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ Түндүк Кореяга кайрадан вакцина сунушташты. Азырынча Пхеньян бул сунушка жооп бере элек.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17