Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

BAYKAR КОМПАНИЯСЫ УКРАИНАГА БИР “БАЙРАКТАРДЫ” БЕКЕР БЕРЕТ

BAYKAR КОМПАНИЯСЫ УКРАИНАГА БИР “БАЙРАКТАРДЫ” БЕКЕР БЕРЕТ

 330 Бардыгы /

Учкучсуз учактарды өндүргөн түркиялык Baykar компаниясы Украинага бир “Байрактар” дронун бекер берет. Бул тууралуу компания өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Baykar мындай чечимди Литванын жарандары Украинанын Куралдуу күчтөрүнө “Байрактар” дронун сатып берүү үчүн үч күндүн ичинде 5 миллион евро каражат чогулткандан кийин кабыл алган.

“Литва эли марттык менен Украинага Bayraktar TB2 дронун сатып берүү үчүн каражат топтошту. Бул кабарды уккандан кийин Baykar литвалыктарга учкучсуз учакты бекер берип, чогулган каражатты Украинага гуманитардык жардам катары жумшоону өтүнөт”, – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Литванын жашоочулары Украинага түркиялык “Байрактар” дронун сатып берүү үчүн 5 миллион евро чогултушкан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. Аларды Украина былтыртан бери сатып ала баштап, учурда Орусия менен согушта активдүү колдонууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17