Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
10,514 Бардыгы / Айтылуу Араван өрөөнүндө диний экстремисттик агымдарга азгырылып, а түгүл террорчул топторго дагы кошулуп Сириядагы согушка үй-бүлөсү менен катышкандардын аягы дээрлик тыйылды. Мунун чоо-жайын биз Араван районунун мусулмандарынын казысы – баш имам-хатиби Максатбек ИДИКОВдун сурамжыладык. -Максатбек мырза, ассалому алейкум! Ушул тапта жалаң мусулмандар гана байырлаган ак алтын жергеси Араванда диний акыбал деги кантти экен? […]
10,515 Бардыгы / Айтылуу Араван өрөөнүндө диний экстремисттик агымдарга азгырылып, а түгүл террорчул топторго дагы кошулуп Сириядагы согушка үй-бүлөсү менен катышкандардын аягы дээрлик тыйылды. Мунун чоо-жайын биз Араван районунун мусулмандарынын казысы – баш имам-хатиби Максатбек ИДИКОВдун сурамжыладык. -Максатбек мырза, ассалому алейкум! Ушул тапта жалаң мусулмандар гана байырлаган ак алтын жергеси Араванда диний акыбал деги кантти экен? […]
Максатбек СИДИКОВ: “ДИН ЖОЛУНДА АДАШКАНДАР ДЭЭРЛИК ТЫЙЫЛДЫ!”
14.09.2023 / Автор anarkan_kg

10,516 Бардыгы /
Айтылуу Араван өрөөнүндө диний экстремисттик агымдарга азгырылып, а түгүл террорчул топторго дагы кошулуп Сириядагы согушка үй-бүлөсү менен катышкандардын аягы дээрлик тыйылды. Мунун чоо-жайын биз Араван районунун мусулмандарынын казысы – баш имам-хатиби Максатбек ИДИКОВдун сурамжыладык.
-Максатбек мырза, ассалому алейкум! Ушул тапта жалаң мусулмандар гана байырлаган ак алтын жергеси Араванда диний акыбал деги кантти экен?
– Во алейкума салам! Акыбалыбызды сураштырып келгениңизге Аллах ыраазы болсун! Ток этээр жерин айтканда, Араван районун жалаң гана мусулмандар байырлашат. Башка диндегилер бизде дээрлик жок. Ошол себептүү тынч-аманбыз! Кут даарыган жергебизде стабилдүүлүк гана өкүмүн сүрүп келатат.
– Араван районунда жалпы жонунан канча мечит бар? Булардын баары тең мамлекттик каттоодон өткөрүлгөнбү? Жел бул өңүттө дагыле проблема барбы?
– Араван жергесинде 143 мечит бар. А булардын тогузу гана мамлекеттик каттоодон дагыле өтө элек. Анткени, аталган мечиттерди каттоого дегеле мүмкүн эмес! Себеби, булар бүт трансформацияланбаган жана дагы кызыл сызыктуу (мыйзамсыз) аянттарга курулуп калыптыр.
– Баса, аравандык айрым мусулмандар кээде диний экстремисттик жана дагы терррорчул агымдардын тилине азгырылып, согуш кызуу жүрүп жаткан Сирияга дейре үй-бүлөлөрү менен барышып, чоң казатка катышышкандыгы ашкереленбедиби. Дегиңкиси, адашкандарга кандай катаал чаралар көрүлүп жаткан маалы?
– Мындай жаман жышаан акыркы кезде дээрлик тыйылды. Адашкандын айыбы жок эмеспи. Андайларды мыйзам чегинде жана кеп-кеңеш аркылуу биз бир ыктай теске салдык.
– Дагыле калк аралап, эл арасына түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын күчөттүңүздөрбү?
– Ооба. Дин кызматкерлерибиз айылма-айыл кыдырып, карапайым калкыбызга психологиялык жактан такай көмөк көрсөтүп келатышат. Буга улай мекендештерибиздин диний түшүнүктөрүн агартуу жана дагы калыптандыруу менен дагы алекпиз!
– Сиз дин жолунда адашкандардын соттолуп, андан ары түрмөгө камалашына деги кандайча карайсыз?
– Ар канда жаман жоруктун өзү алдын алуубуз кажет! Кыргыз бекеринен айтпайт да. “Жоо кеткенден кийин, кылычыңды ташка чап!” Дин жолунда адашкандарды окутуп-чокутуп, түшүнүгүн андан ары ого бетер кеңейтип, көзүн ачсак, алар деле пенде, жаңылыштыгын моюндап, анан акыйкат жолуна сөзсүз түшүшөт, эй.
– Баса, башка диндегилер менен мамилеңиздер жайындабы?
– Араван районун жалаң гана бир өңчөй мусулмандар байырлашат. Башка диндегилер бизде жок! Ошону үчүн көйгөйлөрүбүздү биз ыкчам жайгарып келатабыз.
– Максатбек мырза, Баш мыйзамыбызда жазылгандай, Кыргызстанда динди жарандар эркин тутунушат. Бирок, мамлекет Дин комиссиясын түзүп, Сиздерди үзгүлтүксүз гана көзөмөлдөп, мындайча айтканда, тизгиндеп туруусуна кандайча карайсыз?
– Ооба. Кыргызстан жарандары расасына, социалдык акыбалына карабастан каалаган динин тутунушат. Мында эч кандай чектөө жок! Ал эми Дин комиссиясы – бул мамлекеттик мекеме. Булар биз менен тыгыз кызматташып, а түгүл дин аалымдарын окутуп, өлкөбүздө туруктуу стабилдүүлүк орношуна гана өбөлгө жаратып келатат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
22.02.2025 / Автор anarkan_kg ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ 7 РАЙОНДУН АКИМИН КЫЗМАТТАН БОШОТТУ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА ИШКЕ КИРИШТИ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg 1974-ЖЫЛКЫ ЖАШТАР ИМАМГА АВТОУНАА ТАРТУУЛАШТЫ
-
Маек
ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.