Аймак

ӨКСҮГҮ КӨП “СОГУШ БАЛДАРЫ” (Аңгеме)

ӨКСҮГҮ КӨП “СОГУШ БАЛДАРЫ”   (Аңгеме)

 1,864 Бардыгы /

“Бейиш – эненин таман алдында”

Пайгамбарыбыздын ыйык хадисинен

Анда мезгил жай саратаны болчу. Алтынчы классты аяктап, жайкы каникулга тараганбыз.

– Балам, жаңы тандыр курбасак болбой калды, эскилиги келген окшойт, жабыштырган нанымды (камырды) такыр кармабай калды. Эртең экөөлөп ак топурактан ылай тебелеп, тандыр жасайлы, макулбу садагаң болуп кетейиним?,- деди апам.

Негедир апам, “тандыр жасайлы” деп өзүн дайыма кошуп айтат, бирок, ылай тебелемей жагына келгенде бары бир ал менин мойнумдагы милдетим. Чынында, ак топурактан жасалчу тандыр тебелемей жумушу мага жакчу. Айрыкча, ага карата күн мурунтан көрүлгөн кылдат камылга, анан иштин жүрүш ыргагы мага абдан кызыктай туюлар эле. Уйлар саалган соң, короодогу койлордун козуларын каз-катар тизип, көгөнгө байлап чыктым, мал менен бирге койлорду Акжар жайытына айдап келүү жагы энчиме тийгенсип, мага жүктөлгөн. Энелерин эрчиген козулардын маараган үндөрү кулак-мээңди тундурат. Аларды туурайбы, анда-санда музоолор да коштоп, мөөрөп коюшат. Бул көрүнүш кудайдын куттуу күнү кайталанат. Сепаратордо тартылган сүттүн каймагы менен чай ичилген соң дөңгөлөктүү кол арабага эки капты, кетмен менен күрөктү жүктөп алып, ак топурак алганы айылдын баш жагындагы жарга карай жөнөрүмдө, апам “агаңа жардам бергиниң” деп иним Полотту кошуп берди. Аты эле жардамчы болбосо, инимден чынында текейчелик пайда жок. Көңүлү төп келсе кол кабыш кылат, а эгерим мойну жар бербей кежирилиги кармап калса, көктүгү тутса барбы, ар шылтоонун башын бир айтып, коёндун сүрөтүн тартат дагы заматта көздөн кайым болот. Ага даба жок. Полот, атам менен апамдын – экөө бирдей жакшы көргөн көкүрөк күчүгү, эркетай сүймөнчүгү. Качан көрбө, анын айтканы айткандай, дегени дегендей болот. Агам экөөбүзгө буйрубаган велосипед тебүү бактысы дагы анын энчиси болгон. Биз деле ага атандашып, жабышып албайбыз, эң кенжебиз болгон соң бизге деле жылдыздуу ширин бала. Жардын алдынан бизге чейин казылган төрт чуңкурду артка таштап, ак топуракты казуу үчүн бешинчи чуңкурдун ордун аныктап алдым. Көйнөгүмдүн жеңин түрө салып, астейдил казып баштадым. Бул сапар Полот мага жакындан кол кабыш кылды, жардамын аябады. Казылган топуракты арабага жүктөп, бат эле үйгө кайттык. Ак топуракты апам айткандай, тардан жасалган эски шалчанын үстүнө тегиздей дөңсө кылып үйүп, суу жырып кетпегидей таризде турпактын ортосун чуңкурайта ойгон соң, чакалап суу ташып, ылайды уютуп, дымдап койдум. Түшкү тамак ичилген соң тандырдын ылайын тебелөө жумушун баштадым. Иним Полот эчак эле коёндун сүрөтүн тарткан – достору менен чөмүлгөнү тыз койгон. Шымдын багалегин тизеге чейин түрүп алып, ылайды шашылбай тебелей баштадым. Так төбөдөн жай саратанынын аптабы урат. Ысык өтүп кетпес үчүн башымда ак калпак. Ак топуракты жакшылап тебелеп бышырбасаң, кыратына келтире ийлебесең, тандыр оюңдагыдай болбой, кийин жакшы ийге келбей калат. Апам болсо тынбай эчкинин жүнүн тытмалап, мен тебелеп жаткан ылайга улам кошуп жатты. Апам түшүндүргөндөй, тандырдын ылайына саман эмес, бир гана эчкинин жүнү кошулат. Эчки жүнү кошулган тандыр жарылбай кургайт жана абдан бышык болот. Күн батарга жакын шалчасы менен бирге тандырды этияттап ийген соң, шалчаны аярлай ылайдан сыйрып, ажыратып алдык, маселе эми анын таштай катып курагышында калды. Эки күндөн соң көз жоосун алган, абдан кооз ийилген аппак тандыр саратан аптабында тегиз кургап чыкты. Мен эми серсаман кошулган ылай жасадым. Коңшу кыз-келиндер менен апам жаңы тандырды пайдубалына орнотуп, сыртын тегиз шыбап чыгышты. Тандыр шыбагына апам бизди – уулдарын жакын жолотпой, жалаң кыз-келиндерге шыбатат. Апам айткандай, нан жабуу – бул накта аялзатынын жумушу. Бул ишке балдар аралашса барбы, жапкан наның эптүү жабышпай, такай түшө турган, же камыры ага турган болуп калат дешет. Жаңы курулган тандырга апам алгач нан жабар күнү Полот экөөбүз адырдагы аңдыз куурайын терип келдик. Апамдын тапшырмасы боюнча тандырга отту алоолонто күчөтүп жактым. Тандыр тегиз агарып чыкканга чейин апам сүт кошуп жуурулган камырдан патир жасарын, ар бир тесте камырды зерикпей чеккич менен ортолоруна мөөр баскансып, шакылдатып чегип чыкты. Тандырды агартууга отун адаттагыдан көп жумшалды. Аптап ысыгы менен тандыр табына жүзү кызара албырган апам тегиз кызарып бышкан патирин үздү, экинчи жабышына ашкабактан жасалган самсаларды жабыштырып, аны үзгөн сон баарыбыз бирге – үй бүлө мүчөлөрү түгөл божурашып, кең-кесири маектешип чай ичтик.

– Аракетибиз текке кетпептир каралдым, кудай буйруса, тандырыбыз жакшы чыкты, жапкан наным агып түшпөй, тегиз бышты. Бул дагын болсо сенин ак эмгегиңдин үзүрү, мээнетиңдин акыбетинин кайткандыгы балам,- деген апам менин көңүлүмдү көкөлөтө алкоосун айтты. Ошондогу тартылган cүттүн жаңы каймагы кошулган ысык патирдан жасалган апамдын мыкчымайын эстесем, азыр да оозумдан шилекейим агып, анын даамы таңдайымда тургансыйт. Көрсө, ошол тандыр, апам экөөбүз курган тандырдын акыркысы болуптур. Кийин, “тандыр келди, тандыр алгыла” дешип, үн күчөткүчтөрүн болушунча кыйкырткан ала допучан Пахта-Абаддык тандыр пуруштар айлыбызга кооз тандырларды алып келип сата баштады. Ошентип, колдо тандыр жасоонун зарылдыгы болбой калды. Элеттиктер мээнет жумшап, ташпиш тартып тандыр кургандан көрө, эшигине келген даяр тандыр сатып алууну эп көрүп калышты.

* * *

Улуу Ата Мекендик согуш апааты башталганда “согуш балдары” муунуна киргендерди ачарчылык менен жокчулук бирдей шайын оодарбастан, улуулар менен бир катарда согуштун азап-тозогун тең бөлүшүүнү, тагдыр башка салган катаал сыноолор менен мүшкүлдөргө жалтактабай бет турууга, башка салганды бирге тартууну үйрөттү. Өздөрү ач-жылаңач экенине кайыл болгон “согуш балдары” соко айдагандарга суу ташып, колхоздун буудай талаасынан машак тергенди, косектерге колдорун тыттырып пахта тергенди, фермадагы жылкы, уйлар менен койлорго жетиштүү тоют камдоо озуйпасы бир гана ооруктун аялдары менен чал-кемпирлерге жүктөлбөй, бели ката элек “согуш балдарынын” пешенесине жазылган тагдыр жазмышы болду. Негедир, апам балалыгы согуш апаатына туш келгенин, анын азап-тозогун эстегенди эч жактырчу эмес. Көпчүлүк өзү теңдүү курдаштарындай апам дагы “согуш балдары” – ооруктун күжүрмөн каармандарынын катарында Улуу Жеңишке кошкон салымына жетине албай сыймыктанчу. – Согуш алып келген азап-тозокту эч кимдин башына салгылык кылбасын. Эли-журтубуз ачарчылык азабын катуу тартты. Бир сындырым нанга жетпей зарлагандар, ыйлап жатып кете бергендердин көбү чыт курсак балдар болду. “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн!” деген ураан алдында жаш болсок дагы чарчап-чаалыктым дебестен, ансайын чыйралдык. Оорукта улуулардын “оорун колдон, жеңилин жерден” алдык. Нан сурап боздогондорду, ыйлап жатып көз жумган наристелерди эстесем, азыр деле зээним кейип, жүрөгүм сыздап кетет. Алардын убалы согушту баштаган канкор Гитлерге тийсин! Көрсө, биз – “согуш балдары” Жеңиш деген сыйкырлуу сөз Согуш деген жан алгыч жексурдун ойронун чыгарат, ачарчылык менен жокчулукту тыптыйпыл кылат деп жомоктогудай ишенип алган экенбиз. Көрсө, Жеңиш дегениң орду толгус оор жоготуулар, адам өмүрүн жалмаган өлүм менен коштолорун, кемпир-чалдардын кан майданда каза болгон жоокер уулдарынан келген кара кагазсыз келбестигин балалыкта аңдай бербептирбиз. – Нан – өмүр булагы, жашоонун күлазыгы экенин карабаскыр согуш деген жексур үйрөттү, көөдөнүбүздөн чыккыс кылды. Эмнеге жашырмак элем, согуш мезгилинде түшүбүзгө нан гана кирип калган. Эсиңерде болсун, кагылайын балдарым, нанды эч качан кор тутпагыла, ыксыз ысырап кылбагыла, нан ыйык болорун жадыңарга бек түйгүлө- деген апам аккан көз жашын оромолунун учу менен арчыды.

 * * *

Таңкы саат алты чамасында кол телефонум чырылдап калды. Эмнегедир жүрөгүм “зырп” дей түштү, “апам тынч болгой эле” деген ой мээме биринчи болуп кадалды. Телефон чалган жатындаш агам Кочкорбай Базар-Коргон айылынан чыгып жатты.

 – Азыр эле мага Полот чалды. Апам тилден калып, оорлошуп калыптыр, тезирээк келгиле деп жатат,- деген агам денемди ичиркенткен суук кабарды угузду. Анын дирилдеп чыккан үнүнөн улам, агамдын деле айласы куруп, тынчы кетип жатканын туйдум. Жаз келип калды, кудай буйруса апам эми жакшы болуп калат, оңолуп кетет деген үмүткө биротоло жетеленип, катуу ишенип алган элем.

– Сен үйдө болуп тургунуң, мен барып каламын. Өзүң билесиң, аалам апааты болгон “таажы тумоосу” каптаган учур. Блокпосттон машинамды өткөрбөйт, айылга сенин “Жигулиң” менен баралы,- дедим.

– Макул, кантсең дагы ыкчамдай көр, тездет,- деди агам Кочкорбай.

Көз алдыма карылыкка моюн сунган жароокер апамдын элеси тартылды. Жарыктыгым, мынчалык шашылдыңыз экен, июндун он бешинде туптуура токсонго толуп, барыбызды сүйүнүчкө бөлөмөк элеңиз го? Оор үшкүрүндүм, айламды таппай, шалдайып олтуруп калдым. Байкуш апам, таманы такыр жер жыттабаган, айтор койчу, уй сааганга, нан жапканга, жаңгак тергенге, дегин койчу, көр тириликтин дегеле бүтпөгөн түйшүгүнө кабагым-кашым дебей, кумурскадай тыным билбеген эмгекчил, өтө күйүмдүү жан эле. Беш уул, төрт кызды тарбиялап өстүрдү. Перзенттеринин эң кенже чүрпөсү Кеңешбек наристесинде, там-туң баса баштаганда капилет келген оорудан соң периште болуп учуп кеткен. Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Зарылдык болбосо үйдөн чыкпай олтуруу керектиги шаардыктарга эскертилген. Жер шарына ажал бүрккөн, кутурган “таажы вирус” илдети телегейи тегиз делген улуу державалар Кытай менен Америка Кошмо Штаттары мындай турсун, өнүккөн Европа өлкөлөрүнүнн элинин шаштысын алып, алапайын таптырбай турган чагы. Ырасында, мындай шумдук болорун эч ким күтпөгөн, эч кимдин оюна да келбеген. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия – жалпы адамзатка коркунуч жараткан жугуштуу илдет экендигин кеч болсо дагы шардана жарыялап, коркунучтун коңгуроосун катуу кага баштады. Өмүр менен өлүм эгиз козудай такай эрчишип, дайыма жанаша жүрөт демекчи, чындап эле адам баласы тукум курут болуп кетеби? Жообунан да суроолору арбын кыйчалыш замандын оор ташпиши шайыбызды оодарып, айлабызды кетирип турду. Жер шарынын төрт тарабындагы элдер чалгы менен чапкандай, улам суюлуп барат. Күндөлүк жаңылыктарга кулак түрсөң, миңдеген адамдар бир күндө кайтыш болуп жатканын, дагы миңине ажал чачкан ташбоор коронавирус жугуп жатканын, көзгө көрүнбөс адамзат душманына айланган таажы тумоосу жер шарына ылдам жайылып жатканын укканыңда жаратканга миң мертебе тообо келтирип, сактай гөр деп жакаңды карманасын. Атың өчкүр “таажы вирус” – пандемия Кытайдын Ухань шаарынан баш көтөргөнүн чоңдор гана эмес балдарга чейин жаттап калгандай болдук. Кыбыраган нерсенин баарын ылгабай жеген кытайлар балакет илдеттин кайсыл жаныбардан, кайсыл канаттуудан, же кайсыл сойлоп жүрүүчү макулуктан жуктурганын билишпей, баштары маң болуп калды. Түшүп турат адамзатка каран түн, Мурдагыдай байланыш жок карантин. Аба дагы, кан жолдор да жабылган, Башыбызга келет дагы кандай күн. Көрчү мунун өкүмдүгүн жулунган, Карбаластап дарыгер да жугузган. Ай ааламга шамалдай тез тараган, Жаман дешет жини ашкан куюндан, деп, коронавирус туурасында Ала-Бука районунда жашаган курсташым, беш жыл улуттук университетте бирге окуган, студенттик кезде каткан нанды тең бөлүшүп жеген акын досум Камчыбек Камбарбеков таасын жазып, оюн ыр менен таамай бериптир.

* * *

Заманың куурулуп, дүйнөң алай-дүлөй түшүп, турмушуң аңтар-теңтер болуп жатканда кабырганы кайыштырып, энебиз бизди ботодой боздоткон бойдон, артына кылчайбай кете берди. Жарыктыгым, бири кем аттиң арман дүйнө, дагын жашай түшсөңүз болмок. Акыркы күндөрү акыл-эси, ой-тутуму кирди-чыкты абалга түшүп калган апамды уул-кыздары кезмектешип багып калдык. Аравандык Адинайга кызматын төлөп, апамды карай турган мээрман кылганбыз. Бир адам такай көз салып жанында турбаса, ары-бери жетелебесе, жарыктыгым өзүн эптей албай калган. Кудайым апамдын жашын ыроологур, элпек жана чыйрак Адинай апамды өз энесиндей паришталап карады, камкордугуна бөлөдү. Тамак-ашын, дары-дармегин убагында берип, ал түгүл муктаждыгына (дааратына) дагы көз кырын салып жүрдү. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына – апамдын тажиясына коронавирустун айынан, демейдегидей кылкылдаган калың эл болбой, калк аз жыйналды. Уул-кыздары, айылдагы ишке жараган сомодой жигиттер, кыз- келиндер менен айыл бийлери гана тикесинен турушту.

Алыстагы тууган-уруктар, куда-сөөктөр тажияга чакырылбады. Элчиликтен миң айлансаң жарашат. Ошентсе да мага, апамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты негедир окшобогонсуп, маркумду узатуунун бир нерсеси кемдей, бир нерсеси өксүктөй сезилип турду. Көрсө, “Эсил кайран энем оо-ой, боорум ойлогон!” элимдин айыл ичин түп көтөргөн өкүрүгү, энелердин апамды жоктогон армандуу кошогу жетишпей, аңгыраган ээндик, тунжураган жымжырттык сөөктү чыгаруу зыйнатынын беделин ого бетер түшүрүп, ансайын кунун кетирип турган турбайбы. Өксүгү көп турмушка баш ийгенден башка айлаң да жок. Токсонду багынткан апамдын арык колдору мейиздей чүрүшүп, ничкерген колунун эти сөөгүнө жабышып, кан тамыры сыртка тээп чыкчудай көгөрөт. Боз үйдөгү жалгыз диван керебетте тулку-бою кичирейген байкуш апам, куурчактай кыймылсыз, түбөлүк уйку кучагында жатты. Сөөктү сууга алып жатканда тахлилди он кадам аралыктагы кошунабыз, бир боор энеме – Россияга мигрант болуп иштегени кеткен Үсөн жээнимдин үйүндө, асмандагы үркөр топ жылдыздай, болгону он бир адам окудук. Айылдын молдосу Сагын элдин аздыгын билдирбегенге далаалат жасагандай болду. – Акелерим, туугандарым, Сава энебиздин тахлилине адам аз олтурду деп эч кыжалат болбогула, тахлил зикирин үч сыйра кайталап окусак, анын сообу көпчүлүк окугандай эле күчтүү болот,- деди Сагын үкөм.

* * *

Айтылуу Бабаш-Ата тоосун этектей жайгашкан айылымда жашоонун жай турмушу, өмүрдү даңазалаган тиричилик көнүмүш нугунда уланарынан эч күмөнүм жок. Жер шары өз огунда айланып, таң зарынан паранда-куштар безелене сайрашып, теребелге короздор үн созоору, кой-эчкилер тынбай маарап, желиндери сүткө толгон уйлар саалып, жаш балдардын күлкүлөрү айылымды шаттыкка бөлөп, жашоонун түбөлүк гимни сымал кайталанып турары турмуштун кашкайган чындыгы эмей эмне. Болгону, Жедигер айылынын эң улуусу, эч кимге оорчулугу болбогон, эч кимге зыяны тийбеген, болгону карылыктан улам бели бөкчөйгөн Сава кемпирдин – менин апамдын карааны кыйлага жоктолору, жакындарын өксүккө салып, эртели-кеч элеси эстелээри анык. Айлам куруп, мен өзүмдү-өзүм алдап, өзүмдү-өзүм сооротууга чамындым, “токсонго чыгуу кый-ы-ын чынында, ал ар кимдин эле энчисине буйрубаган, ар кимдин эле маңдайына жазылбаган.”

Дүйнө элдеринин ак-карасын, бай-кембагалын, күчтүү-алсызын, жакшы- жаманын, аял-эркегин, жаш-карысын ылгабаган, адамзаттын бейпил турмушуна заматта тоз-тополоң салган, капылеттен дүрбөлөңгө түшүрүп, митайымдык менен кол салган коронавируска арстандай албууттанып, айбат менен сес көрсөткөн, Манас бабам байырлаган касиеттүү Талас жергеси, киндик каны тамган Россиянын Алтай Республикасынын калктарынын киндиктери туташкан бир сыңары көпчүлүктүн оозун ачтырып, таң калтырып эл үшүн алган “таажы тумоосуна” чалдыкпай таза турганына жетине албай сүйүнөмүн, (19-апрелге карата Талас облусу менен Алтай Республикасында бир дагы коронавирус илдети катталган эмес) төбөм көккө жеткенсип кубанамын. Анан кантип, Манас болгон эмес, ал болгону апыртмалуу жомок дегенге тилиң бурулат да, анан кантип мындай калпыс ойго дилиң барат?! Андай арам ойлогон кемпайларды касиеттүү Манас бабамдын арбак рухтары биротоло уруп кетсин деп ай-ааламга жаңырта үн созуп, жан дүйнөмдү сергите кыйкыргым келди. Мен бир нерсеге шекшинбеймин, күмөнсүбөй ишенемин, менин апам – Сава кемпир узак жана бактылуу өмүр кечирди. Мындай турмушту, мындай татыктуу өмүр сүрүүнү ар бир инсанга, жараткандын ар бир момун пендесине ыраа көрмөкмүн. Мен сени аябай жакшы көрөмүн, балдай таттуу чиркин өмүр, мен сени чексиз сүйөмүн, көч сапарын токтотпой улап келаткан жашоо-тиричилик. Дүйнөгө эч ким түркүк болбойт. Убакты-сааты келгенде, пендесинин ичер суусу түгөнгөндө, көрөр күнү бүткөндө ажалга баш ийүү ак башта, барыбыз эртели-кечпи жараткандын алдына барабыз. Акыретте көрүшөргө үмүт байлаймын, кошкун эми, жарыктыгым апакем. Үч күндөн соң бейиши болгурум, апам байкушум түшүмө кирди. Апам мен тааныбаган бөтөн, мен көрбөгөн чоочун, бейтааныш кемпир менен астейдил божурашып, сүйлөшүп жатты. “– Апа, болгону бир эле наным калыптыр, аны сага берип койсом, өзүмдүн балдарым ачка калбайбы? Кудай жалгагырым, суранамын, эртең келчи, сүткө камыр жууруп, бир тандыр нан жабамын, каалашыңча алып кетесиң”,- деген апам энесинин алдында күйпөлөктөп, өзүн коёрго жер таппай жөйпөлөктөп, тим эле чыйпалактап, апасынын көзүнүн агы менен болуп, чамгырыктай айланып жатты. Көкүрөккө сыйбаган арман-муңум, көөдөнүмдө буулуккан ызааларым көз жашым менен жүз ылдый агып кетти. Мен тайнемди такыр көрбөгөнмүн…

 Жолдошбай ОСМОНОВ,

2020-жылдын 19-апрели,

 БазарКоргон району, ТалдууБулак айыл аймагы, Жедигер айылы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17