Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЭАУ: КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ТЕМАСЫНДА
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,837 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында бир айлык жарыялайт. Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин өтөт. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык «Кыргызстандагы […]
1,838 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында бир айлык жарыялайт. Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин өтөт. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык «Кыргызстандагы […]
«ЖООПТУУ БОЛ!» АТАЛЫШЫНДА БИР АЙЛЫК ЖАРЫЯЛАНАТ
31.03.2022 / Автор anarkan_kg

1,839 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) коркунуч факторлорун аныктоо үчүн 18 жаштан жогорку эркектер арасында бир айлык жарыялайт.
Акция 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин өтөт. Бул убакыт аралыгында эркектер жергиликтүү саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат. Аталган бир айлык «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
«Жооптуу бол!» бир айлыгынын негизги максаты жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында Кыргызстандын эркек калкын медициналык кызматтар менен камтууну жогорулатуу болуп саналат. КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматы боюнча, 18 жаштан 54 жашка чейинки эркектер ошол эле курактагы аялдарга караганда ЖЭОнун пайда болуу коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат.
Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат, бул өз кезегинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле, «Жооптуу бол!» бир айлыгына мектеп окуучуларын тартуу дагы негизги элемент болуп саналат, анткени бул ыкманын эффективдүүлүгүн буга чейинки тажрыйба көрсөткөн. Окуучулар эркек туугандарына акция тууралуу маалымат беришет жана аларды өз айылындагы саламаттыкты сактоо уюмуна медициналык консультациядан өтүүгө чакырышат.
Жугуштуу эмес оорулар – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. 2020-жылы Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны, калктын жалпы өлүмүнүн 52% түздү. Өлүмдүн экинчи негизги себеби рак (10,8%), андан кийин (6,9%) өпкө оорулары турат. Жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү, туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү болуп саналат.
Долбоор тууралуу:
«Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору (ЖЭО долбоору) Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат. Долбоордун максаты сапаттуу баштапкы медико санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун биринчи фазасы 2022-жылдын июль айына чейин Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда. Экинчи фаза Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыйт.
Толук маалымат алуу үчүн долбоорго кайрылыңыз: Бегайым Эгимбаева, тел.: (0770) 545404, email: egimbaeva.b@gmail.com
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
06.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАД: СЕЛ КАНАЛДАРЫН ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛДЫ
-
-
12.02.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА КЕЗЕКТЕГИ ТАШТАНДЫ ЫЛГООЧУ АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
-
26.02.2024 / Автор anarkan_kg Дамир КУЛУБАЕВ: “АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН ЖООКЕРИМИН!”
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.