Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

“АБУ-ДАБИ КЫРГЫЗ ИНВЕСТМЕНТ” ААКты ТҮЗҮЛДҮ

“АБУ-ДАБИ КЫРГЫЗ ИНВЕСТМЕНТ” ААКты ТҮЗҮЛДҮ

 1,065 Бардыгы /

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коому түзүлдү. Анын максаты Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосундагы туруктуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу, ошондой эле кошумча финансылык ресурстарды мобилизациялоо болуп саналат.

Ачык акционердик коом түзүү чечими КР министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКты түзүүнүн дагы бир негизги максаты артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн БАЭден түз инвестицияларды Кыргызстандын экономикасына тартуу. Мындан тышкары “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААКты инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасайт.Кабыл алынган чечимге ылайык, КР Экономика жана коммерция министрлиги “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең негиздөөчүсү болуп саналат.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларын түзөт, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү менен 1,2 млрд АКШ долларына чейин болот. Төлөнгөн капитал компаниянын баштапкы түзүлүшү үчүн уставдык капиталдын 5%ын түзөт. Башкача айтканда кыргыз тараптан 2,5 млн АКШ доллар суммасындагы уставдык капитал төлөнөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17