Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК БАЛДАР АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА “АЛТЫН ТҮЙҮН” УЛУТТУК БАЛДАР АКАДЕМИЯСЫНЫН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

 63 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 22-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Республикалык “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды.

“Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалыкакадемиясынын филиалы райондогу Ленин айыл аймагында жайгашкан №27 Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына уюштурулган. Аталган жайда облустун бардык аймактарынан жаңы технологияларды өздөштүрүүгө кызыккан жаш ойлоп табуучулар билим алса болот.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, улуттук академиянын директору Жаркын Бапанова, жергиликтүү бийлик, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

Мекемеде балдар робототехника, информатика жана техникалык ийримдерди үйрөнө алышат. Филиалдагы жабдыктарга жалпы 3 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы мамлекет башчы Садыр Жапаров Республикалык “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына барган. Анда мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен филиалдарын өлкөнүн бардык аймактарында уюштуруу тапшырмасын берген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17