Аймак

Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ: «КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ ДЫМАКТУУ ЖАШТАРДЫ ЗАМАНБАП КЕСИПКЕ ДАЯРДАГАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫ»

Чаткалбай РАЙЫМБАЕВ: «КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ ДЫМАКТУУ ЖАШТАРДЫ ЗАМАНБАП КЕСИПКЕ ДАЯРДАГАНГА БЕКЕМ ЫКТАДЫ»

 1,770 Бардыгы /

Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети этностор аралык ынтымакты ого бетер бекемдеп, достукту  илим-билим жана маданият аркылуу жигердүү жүзөгө ашырып келе жаткан чагы. Бүгүнкү күндө аталган жогорку окуу жайды экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын  Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти РАЙЫМБАЕВ Чаткалбай Кенейбаевич жетектеп келатат. Ушул тапта айрым жогорку окуу жайдарын кошуу-бириктирүү кесепети бул университетке тийбестигин ректор кабарчыбызга курган маегинде жашырган жок.

– Чаткалбай Кенейбаевич, жакында эле Бишкекте ректорлордун дүйнөлүк форумуна катышып кайттыңыз. Бул иш-чаранын жүрүшүндө кандай глобалдуу маселелер көтөрүлдү?

– Жалпыга маалым, ушул жылдын 14-15-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” деп аталган ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өткөрүлдү. Аталган эл аралык маанилүү иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келишкен жогорку окуу жайлардын ректорлору катышышты. Булардын катарында мен дагы активдүү аралаштым. Ал Форумда университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өнүктүрүү ыкмалары, билим берүү сапатын эл аралык стандарттарга ыңгайлаштыруу маселелерин кенкн-чонон талкууладык. Тыштан келген окуу жайлардын ректорлору менен өз ара пикир дагы алышып, тажрыйбаларыбыз менен тең бөлүшүп, мындан ары биргелешип иш алып баруу максатында эки тараптуу келишимдерди дагы  түзүүгө жетиштик. Ушул эле форумдун алкагында EXPO-2022 эл аралык билим берүү көргөзмөсү жүрүдү. Аталган көргөзмөгө Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен барган делегация дагы активдүү катышып, окуу жайыбыз тарабынан даярдалган көргөзмөлөрүбүздү жарнамалап, конокторго университетибиз туурасында кең-кесири маалыматтарды тараттык.  

– Баса, ушул тапта Сиздердитн университеттин ишмердүүлүгүнө кыскача токтоло кетпейсизби? Анан дагы окуу жайыңыздарга Батыралы Сыдыковдун ысымы ыйгарылыптыр. Өзү бул сунуш кимдер тарабынан көтөрүлдү?

– Батыралы Сыдыков Кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери экендигин улуу муун жакшы билет. Абадан тунук акылы, жетекчилик чоң тажырыйбасы менен Кыргыз мамлекетине, элине опол тоодой эмгектерди жасап кеткендигин замандаштары эмдигиче жылуу  эскерип жүрүшөт. Бул инсан Ош облусун жетенктеп турган чагында жаңыча изденип, ай          мактын өнүгүүсүнө зарыл бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырып, ошолордун алкагында облустун инфраструктурасына көп жаңы өзгөрүүлөрдү киргизип, илим-билим тармагы түзүмүнө дагы көптөгөн ийгиликтерди ишке ашырганы коомчулукка маалым. Кийинчерээк Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси сыңары дагы  дипломатиялык кызматка жиберилип, Ташкентте бул киши тарабынан Өзбекстан менен Кыргызстандын атайын коому уюштурулуп, Элчиликтин расмий ачылышы өткөрүлүп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары катышкан.

Ошентип, эки тараптуу дипломатиянын тарыхында биринчи жолу “Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түбөлүк достук” жөнүндөгү келишимге кол коюлган. Мындан тышкары Батыралы Сыдыков Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси катарында эки элдин ортосундагы достуктун көпүрөсүн курууга дагы өзгөчө салымын кошту. Бул максаттуу иш-чаралар кайгылуу Ош окуясынан кийинки акыбалды толугу менен турукташтырууга мүмкүндүк жаратты. Мына ушундай опол тоодой эмгектерин эске алып, өрнөктүү өмүрү жаштарга, анан дагы студенттерге үлгү болсун деген тилек менен, анан дагы коомчулуктун жана Батыралы Сыдыков менен чогуу иштешкен замандаштарынын сунушун эске алып, жамааттын колдоосуна ылайык Кыргыз Өкүмөтү биздин окуу жайга Батыралы Сыдыковдун ысымын ыроолоду.

Ушуну менен гана чектелбестен окуу жай эл аралык деңгээлде иш жүргүзсүн деген максатта Эл аралык жогорку окуу жайы макамы кошо энчиленди. Ушул тапта тышкы байланыштарды ого бетер күчөтүп, мамлекеттик жана эл аралык окуу жайлар менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, бирдиктүү иштерди ырааттуу жүргүзүп жатабыз.

– Айтмакчы, биз билгенден Батыралы Сыдыковдун уул-кыздары жогорку кызматтардыц аркалап жүрүшөт. Алар окуу жайыңыздарга кандай колдоолорду көрсөтүп жатышты экен?

– Окуу жайыбыздын окуу имараттарын оңдоп-түзөө, материалдык-техникалык базасын чыңдоо өздүк эсептен гана каржыланып келатат. Студенттерге татыктуу илим-билим берүү менен бирге аларды инсан сыңары толук кандуу тарбиялап, өз ара достугун, мамилелерин чыңдап, ынтымагын жана биримдигин арттырып, ар тараптуу колдоолорду дагы үзгүлтүксүз көрсөтүп турабыз. Ал эми Батыралы Сыдыковдун бала-чакасы туурапсында кеп калсак, эң мыкты окуган 10 студенттке Батыралы Сыдыков атындагы стипендия тыпшырууну салтка айлантышкан. Буга улай мыкты окутуучуларыбызга жана аспиранттарыбызга дагы ар тараптуу колдоо максатында атайын стипендия ыйгарууну мерчемдеп жатышыптыр. Мындан Тышкары биздин ар кандай иш-чараларыбызга дагы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тынымсыз колдоолорду көрсөтүп турушат. Кыскасы, алар биз менен тыгыз иш алып барышууда.

– Сиздер негизинен кайсыл өңүттөгү кесип ээлерин даярдап чыгарасыздар? Окууну бүткөндөн кийин бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу жагы деги каралганбы?

– Биздин унсиерситетте негизинен жогорку, орто жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагында билим берүүнүн дээрлик бардык багыттары жаатында окутуу ишмердүлүгүн туруктуу жүргүзүп келатабыз. Башталгыч жана жалпы орто билим берүү мекемелери үчүн кесипкөй педагогдорду дагы даярдап чыгарып жатабыз. Ал эми инженердик, юридикалык жана экономикалык багытта билим алган студенттерибиз дагы коомдо өз ордуларын таап, эл аралык даражадагы сыйлыктарга арзып, мээнетибизди актап жатышат. Университетибиздин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлерин жана алардын компетенттүүлүк деңгээлин аныктоо багытында бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөр арасында атайын сурамжылоолорду жүргүзүп, бош орундар жарманкелери байма-бай өткөрүлүп, планга ылайык тематикалык сурамжылоолор, тегерек үстөлдөр, жолугушуулар дагы шартка жараша уюштурулуп турат. Мындан тышкапры ЖОЖго чейинки даярдоо жана карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан бүтүрүүчүлөр дайыма көзөмөлгө алынып, бирдиктүү иштер жүргүзүлүп келатат. Университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси аркасында Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетининбүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы түптөлүп, мунун Жобосу жана иш-пландары иштелип чыкты. Ошол Жобого ылайык квартал сайын отурум дагы өткөрүлүп, университетке тиешелүү актуалдуу маселелерди бетбме-бет талкуулап турушат. Биздин болжолдуу эсебибиз боюнча биздин окуу жайыбыз түптөлгөндөн бери ЖОЖ 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү билим уясынан учуруптур.

Сиз экономика илимдеринин докторусуз. Ушул тапта жаш илимпоздорго кандай багыттарды көрсөтүп келатасыз? Дегелен студенттерге сабак өтөсүзбү?

– Мен деле башка кесиптештериме окшоп студенттерге сабак өтүп жүрчүмүн. Акыркы күндөрү убактымдын тардыгына байланыштуу гана бул милдеттен кичине четтеп жүрөм. Бирок, тажырыйбамды жаштар менен бөлүшүп, илим жасайт элем деп кайрылгандарга кеп-кеңешимди айтып, багыт дагы берип турамын. Мындан сырткары аспиранттар менен үзгүлтүксүз иштешем. Жакында эле жакшы саамалык жүз берди. ОшМУнун жана Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралыкуниверситетинин ортосунда экономика илими боюнча диссертациялык Кеңеш ачылды. Экономика тармагында илим жактайм деген жаш илимпоздор үчүн, албетте, бул эң жакшы мүмкүнчүлүк. Ушул дагы биздин жаштарыбыз үчүн көрүлгөн камкордук десем жаңылышпаймын.ю Ал эми университеттин билим берүү ишмердигин көп улуттан куралган профессордук- окутуучулар курамы алып барат. Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү негизги маселе болгондуктан, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жараянын тажырыйбалуу окутуучулар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган.

– Соңку кезде билим берүү багыттары окшош ЖОЖдорду бириктирүү-кошуу жараяны колго алынып, бир катар жогорку окуу жайлары бириктирилип-кошулду. Мунун кесепети Сиздерге тийбес бекен?

– Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетиэтностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги сыңары эсептелген Кыргыз жана Өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту илим-билим жанга маданият аркылуу жигердүү жүзөгө ашырып келатат. Университетибиздеги билим берүүнүн сапаты кезек-кезеги менен ички жана тышкы (Казакстан) Эл аралык агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өткөрүлүрүп, агартуунун сапаты Дүйнөлүк стандарттарга туура келгендигин тастыктаган атайын күбөлүккө дагы ээбиз. Булардан тышкары Эл аралык университет деген макамыбыз бар. Билим берүү сапаты эл аралык стандарттарга толук кандуу ылайыкташтырылган. Андыктан, биз тигил же бул окуу жайга кошулуп кетебиз деген кооптонуу дегеле жок!

Чаткалбай агай, университетиңиздердин окутуучулары акыркы убактарда модага айланган креативдүү технологияларды сабак өтүүдө пайдаланып атышабы?

– Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окутуучуларыбыз педагогикалык иш билгилигин өркүндөтүүгө дайыма умтулуп келатышат. Студенттердин ар тараптуу өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө сөзсүз көңүл бурушуп, алардын кызыгууларына жана даярдыктарына жараша мамиле жасашат. Мындан тышкары окутуучуларыбыз “Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары” илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган илимий-усулдук семинарларга тынбай катышып, а түгүл квалификацияларын дагы үзгүлтүксүз жогорулатып турушат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17