Аймак

ЭАУга АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ КЕЛИП, ИННОВАЦИЯЛЫК АГРО БОРБОР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ЭАУга АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ КЕЛИП, ИННОВАЦИЯЛЫК АГРО БОРБОР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 954 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 2-мартта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келип, окуу жайга караштуу инновациялык агро борбордун иши менен таанышты.

ЭАУнун кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, инновациялык агро борбор студенттерди жана ишкерлерди бириктирген Enactus-Кыргызстан уюмунун “Жаш табышкер” долбоору алкагында ачылган. Бул долбоор Европа Биримдигинин демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасы тарабынан каржыланат. Айтылган долбоордун алкагында “Айыл чарбасындагы инновациялык чечимдер”, “Жаш фермерлер” ж.у.с. багыттардагы жаштардын ишкердик аракеттери колдоого алынат. Айыл чарба министри борбордун иши менен таанышууда демилгелүү студент жаштар, жаш ишкерлер менен жолугуп, жаштар арасында айыл чарба багытында ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча аңгемелешүү өткөрдү. Жолугушуу жаштардын ишкердик аракеттерин илгерилетүү маселесинде абдан кызыктуу жана мазмундуу болду.

Белгилей кетчү нерсе, ЭАУ көп жылдардан бери Enactus-Кыргызстан уюму менен бир катар программалар алкагында ийгиликтүү кызматташып келет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17