Аймак

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

 1,941 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 25-26 апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад областынын директорлору, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аттуу семинардын секциялык отурумдарын өткөрүүдө.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, пленардык бөлүгү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинде өткөрүлөт. Аталган семинардын сааттар көлөмү: 72 саат. Семинар алкагында каралуучу темалар: “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA  программасына жана “Билим” улуттук программасына даярдануу”, “Мектепке инвестицияларды тартуу үчүн долбоорду кантип даярдоо керек” ж.у.с. Аталган темадагы семинар мектеп директорлору үчүн абдан пайдалуу жана мазмундуу болмокчу.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17