Аймак

“ТИЛ ДОСТУККА ЧАКЫРАТ” АТТУУ МУЗЫКАЛЫК АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТТҮ

“ТИЛ ДОСТУККА ЧАКЫРАТ” АТТУУ МУЗЫКАЛЫК АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТТҮ

 1,170 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 21–февралда Чаткал райондук китепканасынын окуу залында 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата “Тил достукка чакырат” аттуу музыкалык адабий кече болду.

Кеченин жүрүшүндө программага ылайык, маданият жана китепкана кызматкерлери ар улуттардын улуттук кийимдерин кийишип,  ар улуттун эне тилиндеги  көркөм окууларды, макалдарды айтышып жана бийлерди тартуулашты.

Буга кошо эле кыргыз тилин бурмалабай так колдонуу маселесин камтыган сахналаштырылган көрүнүштөр аткарылып, көрүүчүлөрдын кызуу кол чабуусуна арзыды.

Кечеге район акиминин орун басары Алтынай Таштанбаева, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Каныбек Бекмуратов жана мекеме-ишканалардан чакырылган коноктор күбө болушту.

Кече Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору, райондук балдар музыкалык мектебинин жаш бийчилери, райондук жана балдар китепканаларынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Мухамедалы ЭШНАЗАРОВ, Чаткал району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17