Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
679 Бардыгы / ЕврАзиялык Интеграция Бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кептөөгө, Азыркы Цивилизацияда Өз ордубузду бекем табууга гана көмөктөшөт. Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу Кыргызстандын бардык мектептеринде 25-майда акыркы коңгуроо кагылды. Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясында дагы бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде жүрдү. Акыркы коңгуроо салтанатына кабарчыбыз дагы катышып, жеринен […]
680 Бардыгы / ЕврАзиялык Интеграция Бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кептөөгө, Азыркы Цивилизацияда Өз ордубузду бекем табууга гана көмөктөшөт. Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу Кыргызстандын бардык мектептеринде 25-майда акыркы коңгуроо кагылды. Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясында дагы бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде жүрдү. Акыркы коңгуроо салтанатына кабарчыбыз дагы катышып, жеринен […]
ААЛАМГА ЖОЛ МЕКТЕПТЕН БАШТАЛАТ
27.05.2024 / Автор anarkan_kg

681 Бардыгы /
ЕврАзиялык Интеграция Бизге аралашып кетпөөгө жана дагы биротоло жок болуп кептөөгө, Азыркы Цивилизацияда Өз ордубузду бекем табууга гана көмөктөшөт.
Чыңгыз АЙТМАТОВ, Кыргыз Эл жазуучусу
Кыргызстандын бардык мектептеринде 25-майда акыркы коңгуроо кагылды. Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясында дагы бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде жүрдү. Акыркы коңгуроо салтанатына кабарчыбыз дагы катышып, жеринен шырбаян уюштурду.
Раатбек АБДИЛЛАЕВ, Ош шаарындагы №20-Исхак
РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү:


– Соңку тапта Мекенибизде жарандарыбыздынукуктары катарынан эле кадам сайын тебеленип-тепселип жатпайбы. Ушуларды көрүп-билип туруп, чындыгында, чыдай албайт – түтпөйт экенсиң. Мен болочокто эң активдүү укук коргоочу боломун. Улутуна жана дагы жынысына, ошондой эле улуу-кичүүсүнө карабастан мекендештеримдин укугун такай коргогонго катуу киришмекчимин.
Айганыш НАБИЖАНОВА, Ош шаарындагы №20-Исхак
РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү:


– Жашырып не. Кыргызстан – бейиштин төрү. Ажайып – кооз жерлерибиз чекесинен эле табылат. Эгерде чет өлкөлөрдө бизикиндей мыкты жерлер болсо, анда алар чукул арада абдан байып кетишмек. Ошондуктан, мен ары ойлонуп, бери толгонуп, акырында туризм багытын гана тандадым. Албетте, аракет кылсаң, сөзүз берекети дагы болоору шексиз. Тандаган кесибим аркылуу мен сүйүктүү Ата Журтумду Дүйнөгө кеңири таанытууга кудуретим жетет ко деген терең ишеничтемин!
Нурлан ТӨЛӨБЕКОВ, Ош шаарындагы №20-Исхак
РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу:


– Мен чоң класттарда окушкан эжелеримдей жанаагаларымдай тартиптүү, анан дагы окумал болууну каалаймын!
Сезим АЛЫМОВА, Ош шаарындагы №20-Исхак
РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын 1-классынын окуучусу:


– “Ата-энемдин мээнетин актасам” дегенде, эки көзүм –төрт. Иши кылып мындан ары мен мектебимде аларды уят кылбаймын. Кепке дагы калтырбаймын.
Кубанычбек АХМЕДОВ, коомдук ишмер:


– Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол гана тилеймин! Булардын мындан аркы турмуштук сапары ак жолтой жана абдан байсалдуу болсун! Уул-кыздарыбызды үзгүлтүксүз окутуп, дал ушул бийик даражага жеткиришкен Ош шаарындагы №20-Исхак РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамаатына терең таазим! Мээнетиңиздер ылайым текке кетпесин!
Венера СУРКЕЕВА, ОшМУнун кафедра башчысы:


– Албетте, мен азыр өтө толкунданып турамын. Өзүм ЖОЖдо педагог болгондуктан, мектептеги эжеке-агайларыбыздын түмөн түйшүгүн куп гана түшүнөмүн. Сиздердин жооптуу ишиңиздерди мындан ары жалаң гана ийгиликтер коштосун! Анан дагы эмгегиңиздерден сөзсүз баар табыңыздар!
Акылбек ТАШБАЕВ, Ош шаарындагы №20-Исхак
РАЗЗАКОВ атындагы мектеп-гимназиясынын директору:


– Мезгил улам өткөн сайынДүйнө дагы уламдан улам глобалдашып, мындайча айтканда, ашкере ыкчам татаалдашып баратпайбы. Демек, дал ошого жараша биз – азыркы муун көч артында калууга таптакыр акыбыз жок! Айланайын, бүтүрүүчүлөрүбүз! Эл аралык шарга – агымга Силер дагы ыкчам кошулуп, бул жашоодон ар бириңер сөзсүз өз ордуңарды дароо тапкыла! Мен силерге дайыма изенүүчүүлүктү, жаратмандыкты жана дагы жолбашчылыкты гана каалаймын!
Ошентип, Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 88 мектеп бар. Булардын арасынан 54 мектеп Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу. Ал эми калганы – жеке мектеп. Буларда жалпы жонунан 79 миң 12ден ашуун окуучу билим алып жатышат. Баса, быйыл Ош шаарында 11-кластты 2 миң 315 окуучу, ал эми 9-классты 7 миң 326 окуучу аяктап жатышкан чагы. Не дейли. Ааламга жол мектептен башталат. Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ОБЛУСТУК ООРУКАНАНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ СООДА ТҮЙҮНДӨРҮ БУЗДУРУЛУУДА
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДҮКТӨР МЫНДАН АРЫ ТАЗА СУУ ИЧИП ГАНА ЖЫРГАШАТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.