Аймак

Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата ОШТО ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУ САХНАДА ТИРИЛТИШТИ

Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата 	ОШТО ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУ САХНАДА ТИРИЛТИШТИ

 363 Бардыгы /

        Өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун (азыркы Кыргыз Республикасынын) түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы ар өңүттө жана салтанатуу түрдө белгиленип жаткан чагы. Бул улуу мааракенин урматына Ош шаарындагы Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрынын эмгек жамааты дагы “Жусуп” аттуу спектаклин даярдап аткан маалы. Кабырчыбыз аталган даректүү драманын сахнадагы адепки жүрүшүнөн шырбаян уюштурду.

       

Мавлюда АБДЫЖАПАРОВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:

– Мен тээтигил Союз маалында Ташкен шаарындагы А. Островский атындагы теаралдык институттун музыкалык драма адистигин аяктаганмын. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей, 43 жылдан бери мына ушул Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрында эле эмгектенип келатам. Мээнетим куп гана бааланып, мамлекеттик ардактуу наамга арзыдым. Мындан тышкары Турсункан Салиева атындагы театралдык сыйлыктын лауреатымын. Өлкөбүздөгү Театр Академиясынын академигимин. Ал эми “Жусуп” даректүү драмасында залкар инсандын кызы Ленинанын ролун жеткилең аткардым. Албетте, адегенде абдан толкундандым. Мында менин Кыргыз Эл артисттери Жамал Сейдакматовадан жана Назира Мамбетовадан үйрөнгөн тажрыйбаларымдын куп гана пайдасы тийбедиби. Маселен, Кайрат Иманалиевдин “Ханышанын көз жашы” спектаклинде төрт улуттун актирсалары жалгыз ролду улам-улам алмашып аткардык. Анын арасында Батма эненин ролун мен дагы ойнодум. Ушинтип Мекенибизди байырлаган бардык улуттарды биримдикке жана дагы ынтымакчылыкка бекем үндөдүк.

        Бахтияр ХУРБАЕВ, Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрынын артисти:

– Арийне, мактангандык эмес, бирок, учурдан пайдаланып мен ачык айтып коюуга тийишмин. Кыргыз Республикасын түптөгөндөрдүн арасында Жусуп Абдрахмановдун орду өзүнчө жана абдан салмактуу! Андыктан, азыркы жана кийинки муундарга анын мекенчилдиги, көкжалдыгы жана иштермандыгы сөзсүз үлгү болууга тийиш! Дегеним, маркумдар даңкталмайынча, а тирүүлөр эзели баркталбайт!

        Эркин БАЙНАЗАРОВ, Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, артист:

Сталиндин катуу жана татаал заманында курулай дооматка жыгылып, ак жеринен айыпталып, Жусуп Абдрахманов аеосуз репрессияланып кетпедиби. Мындайча айтканда, ал эч айыпсыз атылган. Мен өзүм дагы ушуну ойлонуп, анын тагдырын сахнада чагылдырсам дегенде эки көзүм төрт эле. Бактыма Нуркыз Расул кызынын “Жусуп” аттуу даректүү музыкалуу драмасынын кыргызчасы капасынан колум тийип калбаспы. Муну мен түндөсү уйкудан, ал эми күндүзү тынымдан калып, күжүлдөп иштеп, акыры өзбекчеге чоң илхам менен оодарып таштадым. Спектаклди Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына сахналаштырдык. Тагдыр буйруп, мага дагы сонун роль тийип олтурат.

        Музафар БАХТИЯРОВ, Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрынын артисти, жыйырма жашта: – Эң эле өкүнүчтүүсү: – Жусуп Абдрахманов отуз алты жашында атылыптыр. Демек, бардык жагынан гүлдөп турганда, кайран жигитти айыпсыз жайлашыптыр. Мен ага тиешелүү бардык материалдар менен кенен-чонон таанышып, ар өтүттөгү эскерүүлөрдү дагы толук окуганга үлгүрдүм. Чындыгында, бул залкар инсаныбыздын мен үйрөнчү сапаттары абдан эле көп экен. Айрымдарын мен Жусуп Абдрахмановдун ролун аткарганга дыкаат даярданып жатып, өзүмө дагы бекем сиңиргенге чындап үлгүрдүм.

        Азимжон АБДУРАЗАКОВ, Захир ад-дин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык музыкалык драма театрынын директору:

– Биздин театрыбызда жалпы жонунан 158 адам эмгектенет. А булардын алтымышы – жалаң чыгармачыл инсандар. Театрыбыз өткөн кылымда, тактап айтканда, тээ 1914-жылы Рахмонберди Мадазимов молдо жана Ош шаарындагы орус-тузем мектебиниин мугалими Балтыходжо Султанов тарабынан театр ийрими сыңары гана негизделген. 1919-жылы бул ийрим драмалык труппага айландырылган. Ошентип, бул труппа Кыргызстандын Түштүгүндө театралдык өнөрдүн гана эмес музыкалык өнөрдүн дагы андан ары оожалышына даңгыр жол ачкан. 1992-жылга дейре аталган өнөр ордосу көрүнүктүү мамлекеттик жана советтик ишмер С. М. Кировдун ысымын алып жүргөн. А 1992-жылы театрга Өзбекстандын көрүнүктүү аскер башчысы, саясатчысы жана акыны Захириддин Мухаммад Бабурдун ысымы ыйгарылган. Баса, театрыбызөткөн кылымдын башына эле курулган экен. Коңшулаш Өзбекстан Республикасы 5 миллион доллар сарптап, анан дагы заманбап имаратыбызды моминтип өзү заңгыратып куруп тапшырды. Буюрса, жакын арадабиз “Жусуп” жана башка спектаклдерибиз менен Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарына дагы гастролго чыгабыз.

        Айтмакчы, “Жусуп” даректүү драмасынын баш каарманы – Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сазановка кыштагындагы (азыркы Ананьево айылы) орус-тузем мектебинде 3-класска чейин окуп, 1914-жылдан баштап билимин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайында уланткан. Тилекке каршы, 1916-жылы Үркүн окуясынан улам Абдрахманов окуусун бүтүрө албай калган. Болочоктогу саясий ишмердин атасы — Абдрахман Балапанов бий жана болуш болгон. Ал 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышып, ошол жылы келте оорусунан каза тапканы айтылат. Жусуп Абдрахмановдун энеси жана жети бир тууганы Нарындагы көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Натыйжада Абдрахманов Токо аттуу иниси менен томолой жетим калып, 15 жашында эл менен кошо Кытайга качат. Бир жылдан соң Мекенине кайтып келип, Каракол гарнизонунда офицерлердин аттарын, короосун карап жашаган. Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакытта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлгөн. Алгач 1919-жылы Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) командирлик курстан, андан кийин Ташкенттеги аскердик жогорку мектептен окуган. Совет бийлиги орногондон кийин партиялык курулушка баш-оту менен киришкен Абдрахманов алгачкылардан болуп комсомолдун катарына өтүп, 1920-жылы Орусия комсомолдорунун 3-курултайына өкүл сыңары катышкан.  Жусуп Абдрахманов 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарды аркалаган. Дал ошол жылдары санаалаштары менен жаңы, жаш мамлекетти бутуна тургузуп, цивилизацияга кошуу иштерине киришет. Абдрахманов Кыргызстандын азыркы чектерин аныктап, ал гана эмес өлкө аянтын дагы да кеңейтүүнү максат кылган. Абдрахмановдун аракети менен Кыргызстан адегенде автономиялуу облуска, андан соң автономиялуу республикага айланган. Коомдук ишмер 1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор сыңары эмгектенген. Ошол эле жылы Кыргыздын туңгуч дипломаты сыңары Иран өлкөсүнө эки тараптын мамилесин чыңдоо үчүн жөнөтүлөт. Саясий ишмер 1927-жылы март айында, 26 жашында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат. Ал бул кызматты аркалаган беш жыл ичинде жаңы түзүлгөн жаш республикадагы бардык маанилүү жумуштарды баштап? айыл чарба, өнөр жай, билим берүү, укук, маданият сыяктуу тармактарды негиздөөгө салым кошкон. Колхоздошуу башталганда чоңдордун каршылыгына карабастан кооперация идеясын көтөрүп, көчмөн калкты жапырт отурукташтырууга макул болбой, жергиликтүү шартты билбеген москвалык кызматкерлерди катуу сындап, кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу маселелерин ар дайым көтөргөн. Ал турсун Сталинге эки жолу кат жөнөтүп, Москванын туура эмес саясатын белгилеген. 1930-жылдары ачкачылык башталып, Украина, Казакстанда миллиондогон адам кырылганда Абдрахманов бул көрүнүштү алдын ала сезип, Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй койгон. Ошентип канчалаган кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Бирок так ушул жагдай кийин анын «Улутчул» деп күнөөлөнүшүнө себепкер болгон. Абдрахманов 1933-жылы сентябрда «Компартияга каршы аракеттенге» деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Жусуп Абдрахманов 1937-жылы камакка алынып, ага антисоветтик террорист, Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген жалган күнөөлөр коюлат. Кыргызстанда Совет бийлигин кулатып, өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Бирок түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолорго карабай күнөөлөрдү мойнуна алган эмес. Бийликти аеосуз сындаса да, Советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болуп, ар дайым Лениндин идеяларын колдогондон тайган эмес. Жусуп Абдрахманов 1938-жылдын 5-ноябрда өлтүрүлгөн. Артында анын жубайы жана беш баласы калган.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17