Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
778 Бардыгы / Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) дүйнөдөгү эң алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болду жана “Төрт жылдыздуу университеттердин” катарын дагы толуктады. Редакциябызга аталган жогорку окуу жайдан билдиришкендей, QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ бир катар номинациялар боюнча жогорку баага арзып, аймактагы алдыңкы […]
779 Бардыгы / Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) дүйнөдөгү эң алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болду жана “Төрт жылдыздуу университеттердин” катарын дагы толуктады. Редакциябызга аталган жогорку окуу жайдан билдиришкендей, QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ бир катар номинациялар боюнча жогорку баага арзып, аймактагы алдыңкы […]
ОШМУ QS STARS РЕЙТИНГИНДЕ ТӨРТ ЖЫЛДЫЗГА ТАТЫГАН ЛИДЕР УНИВЕРСИТЕТ ДЕП ТААНЫЛДЫ
10.06.2024 / Автор anarkan_kg

780 Бардыгы /
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) дүйнөдөгү эң алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде төрт жылдызга ээ болду жана “Төрт жылдыздуу университеттердин” катарын дагы толуктады.
Редакциябызга аталган жогорку окуу жайдан билдиришкендей, QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ бир катар номинациялар боюнча жогорку баага арзып, аймактагы алдыңкы университеттердин бири экендигин тастыктады. Билим берүү жана ишке орноштуруу жаатында университетке рейтингде эң жогорку беш жылдыз ыйгарылды.
Баса, QS Stars – 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы. Анын ичинде профессордук-окутуучулук курамдан тышкары илимий изилдөө, эл аралык иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик иш-чаралары, студенттердин жашоо шарттары, спорттук жана маданий иш-чаралар сыяктуу критерийлерге деталдуу көңүл бурулат.
Бул рейтингдин эң негизги максаты студенттерге, алардын ата-энелерине жана эксперттерге ЖОЖдор тууралуу толук маалымат берүү болуп саналат. Университетке баа берүү көз карандысыз булактардын ар тараптуу талдоосуна, академиялык жана кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн сурамжылоонун жыйынтыгына, ошондой эле студенттер менен бүтүрүүчүлөрдүн пикирлерине гана негизделет.
ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков бул кадыр-барктуу сапат белгиси менен сыймыктанаарын жашырган жок: – Университетибиз үзгүлтүксүз билим берүү Программасын өркүндөтүү менен бирге бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгиликтүү ишке орношуусуна дагы ыңгайлуу шарттарды жаратууга гана умтулуп келатат. QS Stars 4 жылдызына ээ болуубуз биздин билим берүүдөгү сапатка жана инновацияга берилгендигибизди гана тастыктайт.
Дегиңкиси, ОшМУнун азыркы вазийпасы – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ, мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө омоктуу салым кошкон заманбап адистерди даярдоо. Классикалык билим берүү мекемесинен дүйнөлүк деңгээлдеги илимий-инновациялык университетке жеткирүү, окуу жайды Борбор Азиядагы эң алдынкы 3 университеттин бирине айландырууга багытталган.
Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
27.09.2024 / Автор anarkan_kg “ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖАЛАЛ-АБАД” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТТҮ
-
03.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЭАУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.