Аймак

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮНӨ АРНАЛГАН “КИТЕПТИ СҮЙ, БАРКЫН БИЛ” АТТУ ИШ-ЧАРА

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮНӨ АРНАЛГАН “КИТЕПТИ СҮЙ, БАРКЫН БИЛ” АТТУ ИШ-ЧАРА

 3 Бардыгы /

Ала-Бука районунун Айры-Там жалпы билим берүү мектебинде 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган “Китепти сүй, баркын бил” деген темада 1-2-3-4-5- класс окуучуларынын класс жетекчисинин катышуусунда иш-чара болуп оттү.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу мектеп оавщкитепканачысы Алимбекова Жылдыз жана класс жетекчилери.

Китеп күнүн өткөрүүнүн негизги максаты -окуу маданиятын өнүктүрүү,  айрыкча балдар жана жаштар арасында китептин тарыхын билүүгө , китепти сүйүп окууга жана китепти туура  пайдаланууга ,белекке китеп берүүну үйротүү болуп саналат.

18-апрель күнундөгу иш-чарада даярдоо жана  1- класстарга китепканага экскурсия болуп өттү. Китепканада балдар китепчени өз колу менен кантип жасоону көрүп үйрөнүштү.

21-апрель күнү “Китеп окуунун кызыктуу дүйнөсү ”деген темада сүрөт конкурсу болуп өттү. Сүрөттөр  кызыктуу, ары маанилүү жана чыгармачылык менен тартылганы көрүнүп турду. Дээрлик баардык класстар катышып,гооосүрөттөрү көздүн жоосун алып, окуучулар кызыгып көрүштү. Ошондой эле сүрөт көргөзмөсүнө катышкан балдардын баарына китепканачыдан өзгөчө белектер тапшырылды.

22-апрелдеги иш-чарада окуучулар китептин келип чыгуу тарыхы менен таанышып, китеп жөнүндө көркөм окууларды айтышты. 4-класстын окуучулары китеп жөнүндө кызыктуу окуяларды айтышса, 3-класстын окуучулары эки китептин маегин көрсөтүштү.

3 а- класстын окуучулары “Карышкыр менен жети улак”деген жомокту театрлаштырып аткарып беришти ,окуучулар кызыгуу менен көрүшүп жатты.

Окуучулар “Китепти сактоо жана даназалоо”деген темада ырларды көркөм айтышып,майрамдык маанай тартулашты. Кечебиздин аягында иш-чарага мыкты катышкан окуучуларга громаталар берилди. Ал эми мектеп китепканачысы, класс жетекчилер менен биргеликте “Кимдин китеби таза” деген  ураан менен китеп рейдин жүргузүү менен китеп жумалыгы жыйынтыкталды.


Бакытбек АКПАРАЛИЕВ, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17