Аймак

НУРМОЛДО-КӨП КЫРДУУ УЛУУ ИНСАН

НУРМОЛДО-КӨП КЫРДУУ УЛУУ ИНСАН

 25,340 Бардыгы /

Илгертеден эле ар бир эл өзү жашаган жеринин, айылынын таланттарын аздектеп, кадырлап келген. Талантка дайыма урмат жасалат, таланты бар адам калктын, элдин, улуттун кенчи, сыймыгы катары саналат.

Биздин касиеттүү Кош-Терек айылынан ошондой көп кырдуу, өзгөчө таланттуу инсан чыккан.  Ал өз доорунун чыгааны, кезинде бүткүл Түркстанга атагы чыккан, билимдүүлүгү жагынан алдына киши салбаган, акындыгы жагынан аргымактай чуркаган, ар түркүн жөндөмгө эгедер кайталангыс инсан Нурмолдо Наркул уулу.Айтылуу олуя акын Нурмолдо Наркул уулу 1838-жылы Ала-Бука аймагына караштуу Кош-Терек айылында жарык дүйнөгө келген.  Ал тогуз жашынан Кош-Терек айылында  мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо баланын зээндүү жана идирек экенин байкап, эки жылдан кийин Намангандагы Молдо Кыргыз медресесине жиберип ошол жерден окууга кабыл алынат. Нурмолдо медреседе окуп жүргөндө эле окуу жайда сабак берип, мударистик кылат. Кийин  тагдырдын буйругу менен Индиянын Кашмир шаарына барган. “Үлкөн шаар экен Кашмири, тааныбайт мени эч бири”- деп ырдайт бир ырында.  Нурмолдо Кашмирде беш жылча жашап ,чоң тажрыйба топтоп өнөр-билим үйрөнүп Ала-Букага  келген.Нурмолдо 80 жаштан ашып , 1920-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Кош-Теректеги мазарга коюлган. Нурмолдодон үч уул, бир кыз калган.Сулайман, Төрөбек ,Умар, Айсулуу. Төрөбек менен Умардан бала жок. Сулаймандан Үсүпбек. Үсүпбектен эки кыз бир уул бар. Айсулуудан Шабдан бар. Шабдан агай агартуу тармагында иштеп жүрүп пенсияга чыгып,кийин каза болгон.  Нурмолдонун урпактары азыркы кезде биздин арабызда жашап келатышат. 

Нурмолдо Наркул уулунун чыгармаларын бир мезгилде илим жана билим министри болгон академик Аскар Какеев, филология илимдеринин доктору профессор Советбек Байгазиев, өзүбүздүн жердешибиз Жапа-Салдылык Калмурат Рыскулов, айылдашы Кулмат Балтабаев аксакал изилдеп, китеп кылып чыгарышкан, ал эми Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги Абдыганы Эркебаев атайын макала жазып чыккан.Нурмолдо Наркул уулу улуу педагог, саякатчы төкмө акын, опсун көзү ачык , дарыгер, манасчы, дипломат , ойчул акын болгон.

Нурмолдо-улуу педагог.

Ал кыргыз педагогикасына өзгөчө салым кошуп, улуттук мурастарыбызды- эне тилди, Манасты, кыргыз эл адабиятын биринчи жолу мечит мектепке киргизген.

Нурмолдо-саякатчы.Нурмолдонун көрбөгөн жери, барбаган эли калган эмес. Орто Азияны кыдырган,Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн сыдырган ,Мекке Мединага чейин барып келген.                                                          Нурмолдо дарыгер табып көзү ачык

Анын сокурлардын көзүн айыктырып, жарык дүйнөнү көрсөткөн , дүлөйдүн кулагын ачкан , шал болгондорду бутуна тургузган бөтөнчө дарыгерлик таланты , болочокто боло турган окуяларды алдын ала айткан олуялык касиети да  болгонун жердештери эскерет.

Нурмолдо төкмө   акынНурмолдо курч сөздүү, торгой тилдүү , дин жоболорун ыр менен жамгырдай төгүп айткан ак таңдай акын болгон.Айтылуу акын Токтогулду ээрчитип жүрүп, алымсабак айтышып, ырдаштын сырларын үйрөткөн.

Нурмолдо – манасчы

Ал түштүк чөлкөмүндөгү таланттуу манасчылардын бири болгон. Нурмолдо манасчылык өнөрду түндүктөгү  атактуу Балыкооз манасчыдан алган экен.Ал Сагымбай Орозбак уулу, Кыдыралы үчөө болуп 7-8-ай эл кыдырып “Манас ” айтышчу дешет. Нурмолдо улуу акын

Акындын салт, айтымдар, акыйнек, табышмак, нускоо жана ырым-жырым ырлары ,махабат ырлары, кошоктору,өлөңдөрү  эл ичинде кеңири белгилүү болгон.

Нурмолдо –дипломат ,кыраакы саясатчы1916-жылы кыргыз элинин орус падышачылыгына каршы күрөшүндө кыргыз элинин тагдырына күйгөндүгү далил.Нурмолдо саны көп, илими күчтүү, куралы кубаттуу элге артта калган аз элдин каршылыгы бөөдө өлүмгө, кыргынга алып келерин айткан.Нурмолдонун эңсегени –элдин эсендиги,калктын аман сакталышы эле.

Нурмолдо – опсун сыйкырчыНурмолдонун өзгөчө касиети опсундугу эле.Атүгул көзүндө нуру бар , олуялык өзгөчө касиетке ээ болгону үчүн Нурмолдо атыккан дешет.Анын “Барик акча”, “Эшек болгон Эшмат” сыяктуу икаялары эл ичинде кеңири белгилүү болгон.                                                            Мына ушундай өзгөчө жөндөм касиеттерге ээ болгон  улуу инсан Нурмолдо Наркул  уулуна быйыл 180 жыл толуп отурат.

Нурмолдо – манасчы

Ал түштүк чөлкөмүндөгү таланттуу манасчылардын бири болгон. Нурмолдо манасчылык өнөрду түндүктөгү  атактуу Балыкооз манасчыдан алган экен.Ал Сагымбай Орозбак уулу, Кыдыралы үчөө болуп 7-8-ай эл кыдырып “Манас ” айтышчу дешет.                                       

Биздин мектебибиз 1996-жылы Кош-Терек негизги мектеби болуп түзүлгөн.1999-жылы  3-октябрда Кош-Терек негизги  мектебине улуу ойчул Нурмолдо Наркул уулунун ысымы ыйгарылды.Биз ушул мектепте окуп жана иштеп жатканыбызга сыймыктанабыз.

Улуу инсандын маарекеси  бардыгыбызга кут болсун!

 

Даярдаган : тарых мугалими Сапаралиева Динара

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17