Аймак

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: ЫРЫСКЫ

 10,051 Бардыгы /

Сабактын максаты:1) Чыгарма менен таанышып, окуп,мазмунун түшүнүшөт.

Адамдардын оң  жана терс сапаттарын ажырата билишет.

2) Чыгарма боюнча берилген суроолорго жооп беришет.Өз ойлорун  эркин баяндап   бере алышат.Сөз байлыгын өстүрүшөт.

3)Ичи тар, ач көз, өзүмчүл болбой, ак ниет , адилеттүү болууга жана жолдоштору менен  туура мамиледе болууга тарбияланышат.   

Көрсөткүчтөр:

Окуучулар максатка жетет деп  билсек болот эгерде алар:

Чыгарма менен таанышса, мазмунун түшүнсө,

Көркөм ,шар окуп, өз сөзү менен адабий тилде айтып бере алса.

2) Берилген суроолорго жооп  берип , өзү суроо бере алса.Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүнсө.

3)Ичи тар, ач көз, өзүмчүл болбой, ак ниет , адилеттүү болууга жана жолдоштору менен  туура мамиледе болууга тарбияланса.

Сабактын тиби: Жаңы билимди калыптандыруу

Сабактын формасы:Сабак – жомок, интерактивдүү,топтор менен иштөө

Сабактын жабдылышы:Темага карата сүрөттөр,плакаттар, маркер,кластер

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

этабы

Мугалимдин иш аракети Окуучунун иш аракети
Уюштуруу,

шыктандыруучу

Жагымдуу маанай тартуулоо.

“Менин атым” оюнун ойнотуу. Менин атым Зуура, конокторго зиректикти каалайм.

Азаматсыңар балдар ,ылайым  калоо- тилегиңер кабыл болсун.

Ар бир окуучу өзүнүн атынын баш тамгасы менен башталган калоолорду айтышат.
  -Балдар , кыргызды дүйнөгө тааныткан , элибиздин залкар жазуучусу ким?

-Ооба Ч.Айтматов . Аалам алпы Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. – Ч.Айтматовдун кандай чыгармаларын билесиңер?

-Азаматсыңар балдар , азыр Жумагүл Садирова эжекебиздин “Айтматовду эскерүү” деген ырынан көркөм айтып берели.

— Демек балдар канткенде адам уулу адам болот ?

— Биздин улуу жазуучубуз “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп бекеринен  айтпаган.

-Балдар алтын эрежени эске салабыз.

-Кана балдар келип тегерекчелерден алып, сары түс бир топ, ал эми жашыл түс бир топко бөлүнөсэңөр.

Эми силердин бүгүнкү сабагыңарды “беш манжа ” аркылуу , корзиналарга топтоп барабыз да, сабактын аягында жыйынтыгын чыгарабыз.

 

Балдар берилген суроолорго жооп беришет. Ал Чыңгыз Айтматов

 

 

 

 

Окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармаларынан билгендерин айтып беришет.

Эльим, Аксаамай, Эрнис,Альбина , Байэлдер көркөм айтып  беришти.

 

Окуучулар билгендерин айтып беришет.

 

 

 

 

Алтын эреже

 

1-топ Берешен

2-топ  Жоомарт

Үй тапшырмасын суроо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыктоо

-Кана балдар үйгө кандай тапшырма берилген эле ? Ар бир топ берилген тапшырмалар боюнча жооп беришет.

1-топ

Үч бир туугандын жашоосу кандай эле ?

Алар бакыт –таалайды кайдан издешти?

2-топ

Дыйкан аларга кандай кеңеш берди?

Дыйкандын кеңешин китептен таап  үн чыгарып окуп бергиле.

Жалпы суроо: – Бакыт-таалайга кантип жетүүгө болот?

 

 

 

 

 

Берилген суроолорго окуучулар жооп беришет жана беш манжа менен бааланып барышат.

 

 

 

 

 

 

Ар бир окуучу жооп берүүгө аракеттенет.

 

  Сабактын максаты менен окуучуларды тааныштырат. Сабактын максатын окуучулар угушат жана эсинде сакташат.
Жаңы тема:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эс алуу минутасы

 

 

 

 

Сабакты жыйынтыктоо

 

 

Класстер түзүү

 

 

 

Сөздүк менен иштөө

 

Үйгө тапшырма

 

Баалоо:

Балдар ырыскы деген эмне? Кандай түшүнөсүңөр? Ал каяктан келет деп ойлойсуңар?

Балдар ушул тема боюнча слайд көрөбүз.Мугалим көрсөтүлгөн боюнча ырыскы жомогун айтып берүү менен түшүндүрүп берет.

Китептен жомокту чынжырча кылып окушат

 

Маанайыңар кандай?

Досторуңар барбы?

Улагыңар барбы?

Мышыгыңар барбы?

Сабакта өзүңөрдү жакшы сезип жатасыңарбы?

1-топ

Жомоктун мазмунун айтып бергиле?

2-топ

Ролдоштуруп аткарып бергиле?

1-топ Абышка кемпирдин мүнөзү кандай?

2-топ  Жолоочунун мүнөзү кандай?

 

Жаңы сөздөр менен иштөө

 

 

Жомокту окуп ,түшүнгөнүн өз сөзүң менен айтып берүү

Корзинадагы беш манжалардын санын эсептөө менен жыйынтыктоо, жеңүүчү топту аныктоо, окуучуларды балоо

Окуучулар  берилген суроолорго жооп берүүгө аракеттенишет.

 

 

 

 

 

Окуучулар китептен  жомокту  чынжырча түрүндө окушат.

Эс алуу минутасы

 Зор…

Бар.

Мээ, мээ

Мыяо,мыяо

Ооба,ооба

 

1-топ жомоктун мазмунун айтып берүүгө аракеттенишет.

2-топ ролдоштуруп аткарып беришет.

 

Ар бир топ класстер түзүшүп,мүнөзү боюнча талкуу жүргүзүлөт.

 

 

Жолоочу, абышка деген сөздөрдү чечмелөө.

 

Жаңы сөздөрдү көчүрүп  жазуу, теманы окуп келүү

 

 

 

 

 

 

 

 

Нурмолдо атындагы №28 жалпы негизги билим берүүчү мектеби

 

Башталгыч класс мугалими   Мамытбекова Насибакан

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17