Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

 3,402 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕНЖалал-Абад шаары кичинекей гана шаар болгону менен өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар. Кыргызстандын эң жылуу, күнөстүү жерлеринин бири. Жалал-Абад шаарында жашаган 92 миңден ашуун калк арасында түрдүү улуттар жашайт. Башкача айтканда дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер келип кетип жатышат. Айрымдар иштегени, окуганы келип, жашап калгандар да жок эмес. Андыктан Жалал-Абад эмнеси менен чет элдиктерди өзүнө тартат жана алардын көз карашы кандай? Бул суроолордун тегерегинде шаарыбызда жашап, иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн ой пикирин сурадык.

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕНГерхард Каундс, немец тили мугалими: «ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН ЖҮРҮҮГӨ ШАРТ ЖОК»
– Германиянын Бранденбург шаарында туулгам, жашым 47де. Жубайым Кристина шведцариялык, ортобузда 3 балабыз бар. Жалал-Абад шаарында жашаганыбызга 9 жыл болду.
Базарда, кафеде, коомдук жайларда кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Менин кыргызча атым Кайрат. Орто Азияга алгач Өзбекстандын Кокон шаарына таза суу долбоору боюнча келгенбиз. Долбоор бүтүп, кайра Германияга кеттик. Кийин эле бир досум Жалал-Абадга чет тилдер институтун ачып калды. Ал мени 2007-жылы бул жакка окутуучулукка чакырды. Бирок ал учурда келинчегим кош бойлуу болчу. Кийинки жылы Кыргызстанга келүүнү чечтик. Ошентип Жалал-Абадга келгенде элдердин ачыктыгын, демократияны сездик.
Германияда шаар менен айылдын айырмасы жок, бул жакта абдан чоң экен. Мени таасирленткени көчөдө адамдар дайыма учурашышат, салам айтышат. Экинчи эле сөз «аш жейбизби?». Бул сөз мага жагат. Меймандостук абдан күчтүү. Шаар кичинекей. Көпчүлүгү бирин бири тааныйт жана жардам берет, кайрымдуу эл. Биздин Германияда меймандостук көп деле маанилүү эмес, тааныбаган кишини үйгө чакырбайбыз. Бирок мен Жалал-Абаддан меймандостукту үйрөндүм. Мен да башкаларга эшигимди ачтым. Коңшуларым менен мамилебиз жакшы. Майрамдарда өзгөчө, арапа күндөрү аш бышырып бир чыныдан тамак чыгарып алыш -бериш кылабыз. Кафеге жакшылык жамандыкка барганда дасторкондогу бардык нерсени аралаштырып баштыкка салып үйүнө алып кеткени абдан кызык нерсе. Бизде бул нерсе жок, жакшы эмес эсептелет. Чоң ата, чоң эне, уул-келини, неберелери менен бир үйдө жашаганына башта таң калып жүрдүм.
Жалал-Абадда жолдорду жаңылап, оңдоо керек. Мисалы, мен шаардын борборунда эле жашайм, бирок биздин үй жакка асфальт жеткен эмес. Дагы бир кызык окуя айтайын. Бир шайлоодо депутаттар 10 метр жолду оңдоду, кийинки шайлоодо дагы 20 метри бүттү. Бирок биздин үйгө жетпей калды. Ошол эле жол маселеси боюнча айта кетейин, велосипед айдаганга шарт жок. Унаа менен бир көчөдө айдоо керек болот. Бирок бул бир аз кооптуу, анын үстүнө жол белгилери да коюлган эмес. Андыктан велосипедге атайын жол курулса жакшы болмок. Азыр канализацияны жаңылап жатат, бул шаар жерине абдан керек.
Ал эми туристтер үчүн чынында курорттон башка барчу жер жок. Менимче туристтер келчү жайларды ачуу үчүн көп акчанын кереги жок. Мисалы, бир цехте кылыч же бычакты байыркы технология менен жасаса, ага келген туристтер келип жумуш процессин көрө ала тургандай болсо, ушул сыяктуу нерселер көп эле да. Келген туристтер бычак жасашып жардам беришет, буюмдар кандай жасалат аны көрүшөт жана сатып кетишет.
Жалал-Абадда санитардык абал боюнча жаман деле нерсе айта албайм. Анткени мен азыктарды базардан сатып алам. Жууп, тазалап жейбиз. Организмимде азырынча маселе жок. Негизгиси даамы жакшы. Жайкысын үй-бүлөм менен Арсланбапка барганды жактырабыз. Балдарым болсо ар экинчи күнү Акваленд бассейнине барышат. Ал эми тамактанууга болсо “Дастан” чайканасына барып аш жегенди жактырабыз. Анан “Байчечекейдин” балмуздагына барып турабыз. Азыр супермаркеттер бар, азык- түлүктүн баарын табасын. Жалал-Абадда жашоо кыйын эмес дегим келет.

Нең ЛИ, “Тынчтык” корпусунун ыктыярчысы: “ЖАШТАРЫ КҮЧТҮҮ ЭКЕН”
-АКШнын Калифорния штатынан келген. Жалал-Абад гана эмес жалпы кыргыз эли мага берешендиги, ыймандуулугу менен жакты. Кыргызстандан өзгөчө Бишкек шаарын жактырам. Анткени ал жерде бардыгы бар жана шарттары жакшы. Бул жерде элдердин маданияты башка чет жактардагыдай эле. Мага дагы өзгөчө кийимге түшүрүлгөн саймалары көңүлүмдү алды, абай сонун көрүнөт экен. Мен бул өлкөгө, бул шаарга келип жашап тамактангандан кийин “Оомийн” кылганды үйрөндүм. Айрым терс көрүнүштөр же болбосо жакпаган нерселер да болду. Мени чет өлкөлүк деп ашыкча акча алганы жакпайт. Мисалы, таксиде. Ошондой эле урматтабай мамиле кылгандар да бар. Кээде мындай көрүнүштөр болот. Кафеге кирип отурсам мени эмес, менден кийин келгендерди биринчи тейлешкени жакпай калат.
Чынында Жалал-Абадда жаштар күчтүү. Шаарды өнүктүрүү үчүн чоң салым кошо алышат. Жаштардын алга умтулуусу мыкты. Ал эми туристтерди тартуу үчүн улуттук оюндарды өнүктүрүүнү сунуштайт элем. Себеби башка элдерде болбогон кызыктар сиздердин оюндарда камтылган. Албетте бул оюндар чет жактыктарга кызыгууну жарата алат деген ишеничтемин.

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕНАбдуллах МУСАБКАЯ,
студент: “ЖАЛАЛ-АБАДДА ТҮНКҮ ЖАШОО ЖОК”

-Мен Түркиянын борбор шаары Анкарада төрөлгөм. Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студентимин. Кыргызстанга келгениме 6 айдын жүзү болду. Анкара менен Жалал-Абаддын климаты, аба ырайы окшош. Ошондуктан чет өлкө жараны катары эч кандай кыйынчылык сезбедим. Биздин эл менен кыргыздардын каада-салттары, үрп -адаттары бирдей эле. Албетте Жалал-Абад Анкарадай чоң шаар эмес, бирок өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары бар. Мисалы, бул жерде тамак-аштардын 90%ы табигый жемиштерден жасалат. Ал эми Анкарада андай эмес. Ушул жагынан бул жак көбүрөөк жакты. Таң калганым бул жерде өзбек, кыргыз эли аралаш ынтымакта жашашат экен. Элдин учурдагы маданиятынан, коомдук жайлардагы жүрүм- турумунан айырмачылык таппадым. Өз мекенимде жүргөндөй эле сезем. Мен чоңойгон жер өнүккөн өлкө, Кыргызстан кичинекей мамлекет экен. Мисалы, Анкарада иш күнү бүтпөйт. Түнү менен иштеген кафе ресторандар көп. Көчөдөгү кыймылдар да анчалык токтой бербейт. Негизи Анкара шаары түндө уктабайт. Жалал-Абадда болсо кышында кечки саат алтыдан элдин изи сууй баштайт. Бул шаарда түнкү жашоо жок. Кечинде кадимкидей шаар тыптынч болот. Ошондуктанбы келгенден бери саат алтыдан кийин көчөгө чыкпай калгам. Кыргызстанга келип бир топ табият койнунда эс алуучу жерлерди көрдүм. Алардан Сары-Челек өзгөчө жакты. Мактанчу, туристтерди чакыруучу табият бар. Бирок жарнама жок. Туризм тармагындагы жарнаманы өнүктүрүү керек дээр элем. Окууну бүткөнчө дагы 3 жыл бар, Жалал-Абадда болом. Кийинкисин ойлоно элекмин. Жашап калайын деген ниеттер да бар. Анткени бул жерде эч ким мени түрк деп бөлбөйт. Кайсы топко аралашпайын, кай жерге барбайын түрк тилин түшүнгөн адам табылат. Мен өзүмдү мекенимде жүргөндөй эле сезим. Жалал-Абад дегенде эле тоолорун, сууларын эстейм. Анткени тоолуу болуп турганы көркүнө көрк кошуп, адамды кызыктыруучу бөлүгү. Ар кайсы жерден таза булак суу чыгат.

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕНФейс МАНИЛА, ыктыярчы: “МЕЙМАНДОСТУГУН БААЛАДЫМ”
-АКШнын Пенсильвания штатынан болобуз. Жашым 16да. Жалал-Абадда жашаганыбызга 9 жыл болду. Жакшы бир кабар айтайын, биздин үй-бүлө Жалал-Абаддан бир мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаштагы кызды багып алдык. Негизи апамдын жумушуна байланыштуу Кыргызстанга келип калганбыз. Азыр Жалал-Абадда үй-бүлөбүз менен турабыз. Бул жактан элдин меймандостугун баса белгилеп айткым келет. Көпчүлүк жергиликтүүлөр биз Америкадан келдик десек эле бул жерден маалымат топтоп, ал жакка кабар берет, “агент” деп ойлошот экен. Бирок андай эмес, биз болгону жардам бергени келдик. Ушуну жакшы ойдо түшүнүшсө болмок. Коомдук транспортто болобу же башка жерде болсун жигиттердин “телефон номериңди берчи” деп сурай бергени жакпады. Бирок Америка да деле ушундай. Ал эми туристтер дагы көп келиши үчүн таза жана жакшы шарттары менен мейманкана куруу керек деп ойлойм. Көңүл ачуучу жайлар коопсуз жана тыкан болсо чет өлкөлүктөрдү өзүнө тартат. Анан ал жерлерди жарнама кылуу да биринчи орунда. Кыргызстанга жакшы жарнамалар керек. Дүйнөдөгү көпчүлүк адамдар ушундай табияты, жаратылышы кооз өлкө бар экенин билишпейт.

ЖАЛАЛ-АБАД ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕНШамсуддин Абди, студент:
«КАРДЫ БИРИНЧИ КӨРГӨНДӨ КУБАНДЫМ»

-Африканын Сомали деген өлкөсүнөн болом. ЖАМУнун медицина факультетинде 1-курста билим алып жатам. Жалал-Абадга жакында эле келдим. Мага эң жакканы кар болду. Карды биринчи жолу кѳрүп жатканым үчүн абдан кубанып жактырдым. Бирок суукка чыдоо кыйын болуп жатат. Ал тургай кээде сыртка чыгууну дагы каалабайм. Кыш үч ай эмес, жок дегенде бир ай болуусун каалайт элем. Бирок албетте бул табияттан. Ошентсе дагы бул жерге кѳнүүгѳ аракет жасап окуп жатамын. Жалал-Абад шаары мага абдан жакты.
Туризмди ѳнүктүрүү үчүн шаарлар аралык поезд каттамын жүргүзсѳ жакшы болсо керек. Кооз объектилер көп болсо жакшы деп ойлойм. Поезддин жоктугунан тез эле жетүүгѳ мүмкүн болгон жерлерге 2-3 саат кеч жетип барабыз.
Жалал-Абадга алгачкы жолу келгенимде намаз окуу үчүн мечитке бардым. Анан ал жердеги адамдар кайдан келгенимди сурашты. Мен Сомалиденмин дедим. Адамдар менин чачтарымды кармап кѳрүшүп «Чачың эмне мынча коюу? Ар күнү жуусаң керек, жетишесинби?»,- деп сурашты. Бул мен үчүн абдан күлкүлүү болду. Бир жолу менден «Сомалиден келген болсоң айтчы, силерде баары эле чытырман токойдо жашаса керек? Сиздерде дагы билимдүү адамдар барбы?»- деп сурагандары оор тийген. Африкалыктардын баарын билимсиз деп ойлошот экен.
Сөзүмдүн аягында мен бул кооз ѳлкѳнүн жарандарына ыраазычылык билдиргим келет. Алар бизди кабыл алып, бул жерден билим алуубузга шарт түзүп беришти. Мен Африкадан келген Жалал-Абаддагы жалгыз студентмин. Мекениме барганымда Кыргызстан, Жалал-Абад тууралуу айтып берип, бул жерде окууну башка жаштарга да сунуштайм. Өлкѳлѳрүбүз экономикалык жактан биргеликте иштешип, достугубуз бекемделсе деймин.

Роза АКМАТЖАН КЫЗЫ, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17