Аймак

ЯПОНИЯЛЫК ШЕРИКТЕШТЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ

ЯПОНИЯЛЫК ШЕРИКТЕШТЕР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ

 1,494 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 25-февралда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) япониялык меймандар келип кетишти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы маалымдагандай, Эл аралык университетке келген япониялык меймандаричинде Япон тилинин Эл аралык академиясынын директору Фуджимара Кодзухиро жана Кыргыз-Япон фондунун директору Асано Тетсуя, о.э. бир катар кызматкерлери болушту. Аталган япониялык шериктештер менен ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы жана япон тилинин курстарында билим алып жаткан студенттери жолугушту. Жолугушууда аталган академиянын жана фонддун өкүлдөрү өзүнүн мекемелеринин ишмердиги, Японияда иштөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат беришти. Япониялык шериктештер ЭАУга буга чейин да келип жүрүшкөн, алар 2021-жылдын 27-декабрында келип, япон тилинин курстарын ачышкан, жакынкы планында дагы япон тилинин жана маданиятынын борборун түзүү. ЭАУ ректораты япониялык шериктештер менен кызматташуу жемиштүү улана тургандыгына ишенишет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17