Аймак

ОИИБде ИШ КАГАЗДАРДЫН ТУУРА ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ОИИБде ИШ КАГАЗДАРДЫН ТУУРА ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

 939 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад ОИИБдин жыйындар залында кыргыз тилинде иш кагаздарынын туура жазылышы боюнча семинар болуп өттү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, семинарга

ИИМдин башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Айбек Орозакунов, башкы адис Дастан Бердибеков, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Марат Масиркулов, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Айбек Орозакунов жетекчилик курамды туура эмес жазылган иш кагаздарына байкабай кол коюудан сак болууга чакырды. Ошондой эле кыргыз тилиндеги бардык сөздөргө кылдат көңүл буруу керектигин белгиледи.

Кыргыз тилинде жазылган иш кагаздарында каталарды кетирбөө максатында бир катар мисалдар келтирилип, туура жазуу эрежелери айтылды. Ички иштер органдарына тиешелүү болгон кыскартылган сөздөргө мүчө улаган учурлар, алардын жазылуу тартиби көрсөтүлдү. Мындан сырткары орус тилинен которулган сөздөрдү кыргыз тилинде туура пайдалануу зарылдыгы белгиленди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17