Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
28 Бардыгы / Тилек Текебаев облус аймагындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен жетекчилердин ишине баа берилээрин айтты. Бүгүн Жалал-Абад облусунун 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча облусттук коллегия өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район, шаар башчылары, айыл өкмөт, салык кызматынын жетекчилери, билим берүү, […]
29 Бардыгы / Тилек Текебаев облус аймагындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен жетекчилердин ишине баа берилээрин айтты. Бүгүн Жалал-Абад облусунун 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча облусттук коллегия өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район, шаар башчылары, айыл өкмөт, салык кызматынын жетекчилери, билим берүү, […]
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ЖЫЙЫН БОЛДУ
24.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна30 Бардыгы /
Тилек Текебаев облус аймагындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен жетекчилердин ишине баа берилээрин айтты.
Бүгүн Жалал-Абад облусунун 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча облусттук коллегия өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жетектеп, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, район, шаар башчылары, айыл өкмөт, салык кызматынын жетекчилери, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын, электр тармактар ишканаларынын башчылары катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев Ноокен районундагы Масы-Сай участкасындагы дарыя жээгин бекемдөө, селден жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү иштеринин жүрүшү, Чаткал районунун жергиликтүү бюджетинин аткарылышы төмөндүгү, Тогуз-Торо районундагы ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу аракеттери, Сузак району жана Жалал-Абад шаарындагы мугалимдердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү алкагындагы жумуштар тууралуу маалымат алды.
Мындан сырткары, өкүл турак жайларды камсыздандыруу ишинин жүрүшү, ар бир өнбѳй калган салык карыздары бар район, шаар башчылары жана салык кызматынын жетекчилеринен себептерин сурады.
Коллегияда ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы тууралуу маалымат айтылды. Ага катар буга чейин Базар-Коргон, Сузак, Аксы жана Токтогул райондук мамлекеттик администрацияларында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы, социалдык келишим долбоорунун аткарылышы жана Президенттин №305 Жарлыгына ылайык, аталган аймактардагы тазалыктын абалы тууралуу, күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын абалы каралды.
Тилек Текебаев, жыйында белгиленген маселелерди жыл жыйынтыгы менен жөнгө салуу тапшырмасын берди. Аймактарда, жол жээктериндеги тазалыктын сакталышына өзгөчө көңүл бурулаарын айтты. Облус башчысы район, шаарлардын социалдык-экономикалык өсүү темпи жетекчилердин жоопкерчиликтүү ишинин жыйынтыгы экенин эскертти.
Коллегиянын соңунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар район, шаарлардын башчыларына эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жазалары берилди.
Бүгүнкү жыйын алкагында, жумуштагы көрсөткөн натыйжалары үчүн бир катар жетекчилерге Ардак грамота, ыраазычылык кат жана дипломдор тапшырылды.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.