Аймак

АРАБ ИНВЕСТОРЛОРУ БАТКЕН ОБЛУСУНА ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРДЫ ТАРТУУЛАДЫ

АРАБ ИНВЕСТОРЛОРУ БАТКЕН ОБЛУСУНА ЗАМАНБАП ҮЛГҮДӨГҮ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРДЫ ТАРТУУЛАДЫ

 801 Бардыгы /

          БАТКЕН. Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайланышкан диагностикалык борбор соёку муундагы медициналык жабдыктар менен толукталды. Тактап айтканда, Кувейт Мамлекетинин Бүткүл дүйнөлүк «АрРахмаАьламия» кайрымдуулук фонду жана “Смарт Дженерейшн” коомдук фонду тарабынан 7 миллион сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев дагы катышып, өз кезегинде кыйла убакыттан бери ырааттуу иш жүрүгүзүп келе жаткан кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө Баткен облусунун социалдык экономикалык абалын өнүктүрүүгө жана калктын муктаждыктарын ыкчам чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Аталган жапжаңы медициналык жабдыктар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын жана дагы коңшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин, ошондой эле диагноздорду дагы так аныктоого шарт жаратмакчы.

Белгилей кетчү жагдай: Кызыл-Кыя шаарында жайланышкан “Ыйман” комплексинин курулушу 2016-жылы башталган. Мында медициналык клиника, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу, жеке мектеп жана дагы мечит жайгашкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17