Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

АРАВАНДАГЫ ЖАҢЫ ФАБРИКАДА ЖУМУШ ОРУНДАРЫ КӨБӨЙДү

АРАВАНДАГЫ ЖАҢЫ ФАБРИКАДА ЖУМУШ ОРУНДАРЫ КӨБӨЙДү

 111 Бардыгы /

          ОШ. Pasadena Moda жаңы тигүү фабрикасында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген жабдуулардын негизинде күнүнө 40 000 даанага чейин эркектердин, аялдардын жана балдардын кийимдери чыгарылат. АКШ Өкмөтү менен өнөктөштүк фабрикага жүздөн ашуун адамды, негизинен жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүндүк жаратты.

          Жабдууларды тапшыруу аземине АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, Кыргыз Респбликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Араван районунун акими Сейтек Кулубаев катышышты.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер: – Бул тигүү фабрикасы – Кыргыз Республикасындагы АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири гана. Акыркы төрт жылдын аралыгында эле биз Кыргызстандагы 120дан ашык ишкананын өнүгүшүнө, сатуунун көлөмүн көбөйтүшүнө, жаңы рынокторго чыгуусуна жана эң негизгиси 18 000ден ашык туруктуу жана сезондук жаңы жумуш орундарын түзүшүнө жардам бердик, деп агынан жарылды.

Pasadena Moda USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында оверлок, капкак тигүүчү, түз сызык жана башка тигүү машиналарын алды. Жакынкы үч жыл аралыгында компания тармагын кеңейтүүнү жана дагы 500гө чейин адамды жумушка жайгаштырууну пландаштырып жаткан чагы.

  • Биздин ишканабыз жергебиздеги миграция агымын

азайтууга таасирдүү салымын кошуп, бир канча мекендештерибизге, өзгөчө эже-карындаштарыбызга, үй-бүлөлөрү менен өз мекенинде жашап-иштеп, татыктуу өмүр сүрүүсунө гана себепкер! деди Pasadena Moda USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” ишканасынын ээси Азимкул Жолдубаев.

Айтмакчы, Pasadena Moda – Кыргыз Республикасындагы эё белгилүү компания. Башында компания ички рынокто гана иштесе, азыркы тапта коңшулаш өлкөлөр боюнча ири соода түйүндөрүнө жана супермаркеттерге буюртмаларды дагы аткарат. Pasadena Moda’нын трикотаж буюмдары эл аралык сапат стандарттарына сертификацияланган.

Баса, USAID текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, IT, финансы жана башка тармактарда чакан жана орто ишканалар менен иштешип, аларга өндүрүштү кеңейтүүгө, экспортко жарамдуу болуу үчүн эл аралык стандарттарына жооп берүүгө жана Кыргыз Республикасында көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17