Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,732 Бардыгы / Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды. Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда […]
1,733 Бардыгы / Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды. Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ЭКИ ТАРАПТАН СЕГИЗ БЕКЕТ АЛЫНМАЙ БОЛДУ
26.09.2022 / Автор anarkan_kg

1,734 Бардыгы /
Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды.
Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечимдер менен кол коюлган протокол тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди.
“Конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык. Биринчиден, Тажикстан тараптан “Бедак”, Кыргызстан тараптан “Тамдык” чек ара посту толук алынат. Ал жерде аскер кызматкерлери да, жөнөкөй адамдар да болбойт. Экинчиден, Кыргызстандан “Булак-Башы”, Тажикстандан “Кех” бекети толук алына турган болду. Үчүнчү Тажикстандан “Карачикум”, Кыргызстандан “Катта-Туз” чек ара бекети алынат жана бир да аскер, жөнөкөй жарандар болбойт. Андан тышкары, Кыргызстандан “Дача”, Тажикстандан “Шаршара” посту алынат. Ошентип, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, деди Ташиев.
Мындан тышкары ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.
Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанга ушундай эле айып коюуда.
Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.
Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
14.08.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ АВТОБЕКЕТ ИШКЕ КИРЕТ
-
-
13.08.2026 / Автор anarkan_kg “САРЫ-ЧЕЛЕК” КОРУГУНДА ЖАҢЫ ӨТКӨРМӨ ПУНКТТУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
30.08.2025 / Автор anarkan_kg КЕРБЕН ШААРЫНДА “БОЗБУ” КӨМӨК ЧОРДОНУ АЧЫЛДЫ
-
17.09.2025 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНЫН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ ӨТТҮ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.