Аймак

ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 1,350 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Токтогул районунда 225 орундуу мектеп ишке кирип, ачуу аземи болуп өттү.

Аталган райондун Сары-Камыш айыл аймагындагы Зыфар Эгембердиев атындагы №26 жалпы билим берүүчү орто мектепте окуучулар эки кезек менен билим алышат. Мында айрым окуучулар 11 км алыс аралыкты басып келгендиктен кезектешип окуу кыйынга турат. Ушул көйгөйдү чечүү максатында Сауд Аравия фонду тарабынан кошумча имарат курулду. Аталган мектепте эки кабаттуу имараттын курулуш иштери 2020-жылы башталып, бүгүнкү күндө бардык шарттары менен бүткөрүлдү. Мындан сырткары ар бир кабинетте айыл аймакта эмгеги менен таанылган инсандардын ысымы берилип, алардын уул-кыздары демөөрчүлүк кылышкан.

Белгилей кетсек, мындагы билим уяда жалпысынан 30дан ашуун мугалим ,373 окуучу бар. Ал эми кошумча имартты куруу муктаждыгы бир-нече жылы мурун жаралган. Ага ылайык, жаңы билим уясы 225 орунга ылайыкташкан.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17