Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
853 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 4-ноябрь күнү КРдин Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, райшаар башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Коллегияда негизинен эки маселе каралды. Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын 9 айлык жыйынтыктары жөнүндө облустагы абал тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн […]
854 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 4-ноябрь күнү КРдин Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, райшаар башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Коллегияда негизинен эки маселе каралды. Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын 9 айлык жыйынтыктары жөнүндө облустагы абал тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн […]
ТОГУЗ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ БОЛУП ӨТТҮ
04.11.2022 / Автор anarkan_kg

855 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 4-ноябрь күнү КРдин Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, райшаар башчыларынын, айыл өкмөттөрүнүн катышуусунда 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү.
Коллегияда негизинен эки маселе каралды. Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын 9 айлык жыйынтыктары жөнүндө облустагы абал тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М. Акматов баяндама жасады. Анда 9 айдын жыйынтыгы менен алып караганда салык төлөмдөрүн топтоо планы 70 пайызга аткаруу талабы жыл башынан коюлганы менен учурда бир топ райшаарларда план аткарылбагандыгы белгиленди. Алардын катарын Аксы, Токтогул, Сузак, Ноокен райондору жана Жалал-Абад шаары толуктайт. Аталган аймактарда салык иштери боюнча жакшы иш алып барылбаган. Ошондой эле ККМ орнотуу да жакшы жолго коюлбай келе жатканы белгиленди.
Сел-суу ташкындарын алдын алуу боюнча 9 өзгөчө кырдаал катталган. Жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган аймактарда тиешелүү иш-чаралар аткарылып, Сузак районундагы Кара-Дарыя айылындагы 8 үй-бүлө бир жыл ичинде жаңы конуштарына киришкен. Мында жер-жерлерде элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечип берүү жолго коюлбагандыктан облустан 9 ай ичинде Президентке 934 даттануу, нааразычылык каттар түшкөндүгү, бул былтыркыдан көп экендиги белгиленип, айыл өкмөт, райшаар жетекчилерине ар бир маселени жеринде чечүү тапшырмасы коюлду.
Коллегиянын жыйынтыгында облус башчысы А.Сыргабаев 9 ай аралыгында салык боюнча берилген тапшырманы аткара албаган райшаар башчыларына жана райшаарлардагы салык кызматынын башчыларына: “Иштей албасаңар ордуңарды планды аткара тургандарга бергиле. Мышык чычкан ойноонун кереги жок. Планды аткарабыз деп кызматка келгенсиздер. Аткара албасаңар жоопкерчиликти моюнга албагыла”- деп тиешелүү жетекчилерге эскертүү жана жумуш орундарынан бошотуу боюнча сунуш берилерин эскертти. Мындай эскертүүнү уккан Жалал-Абад салык башкармалыгы маалымат туура эмес берилип калгандыгын, так маалымат кечиктирилип берилгендигин айтса, айрым салык кызматынын башчылары план оор берилип койгондугун айтышып, жылдын аягында планды толук аткарабыз деген шылтоолорун айтышты.
Коллегиядагы экинчи маселе социалдык тармактардагы абал боюнча Эркин Маматаев баяндама жасады. Анда негизинен учурда медицина кызматкерлеринин жана билим берүү тармагындагы мугалимдердин жетишсиздиги белгиленди. Мындан сырткары балдардын өлүмү катталгандыгы, бирок өткөн жылга салыштырмалуу аз экендиги айтылып, буга кошумча энелердин өлүмү да катталып жаткандыгы айтылды. Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны өсүп кеткендиги, ал боюнча сап башында 20 кылмыш иши менен Токтогул району катталгандыгы баса белгиленди.
Бүгүнкү күндө СПИД илдети студенттер арасында катталып жаткандыгы билдирилип, илдетти алдын алуу боюнча катуу иш-чаралар, текшерүүлөр жүргүзүлүүсү боюнча талап коюлду. Коллегиянын жыйынында бул маселе жарандардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн ар бир сырттан келген студенттер ар кандай шарттагы жугуштуу ооруларга каршы текшерүүдөн өткөрүлүүсү боюнча тийиштүү тармактарга, тагыраагы санэпидкөзөмөл борборуна тапшырма берилип, жоопкерчиликти ЖАМУ алаары белгиленди.
Ал эми облус аймагында күз-кыш мезгилине Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 9 айдын жыйынтыгы менен 100 пайызга даяр экендигин мекеменин жетекчиси А. Паизов билдирди. Ошентсе да электр тармактар ишканасы менен айыл өкмөттөр ортосунда чечилбей келе жаткан маселелер бар экендиги айтылды. Ал союз мезгилиндеги трансформаторлор айыл өкмөтүнүн балансында болуп, эгер электр жарыгы өчүп калса, айыл өкмөт аны оңдотууга тендер жарыялап, ал ишке ашканча 3-4 күн айыл аймагы электр жарыгысыз калуусу маселе болуп келет. Андыктан бардык трансформаторлорду электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү маселеси каралган. Бирок ошол союз мезгилиндеги транформаторлордун документи жок болуп жаткандыгы айыл өкмөттөр тарабынан айтылса, документсиз электр тармактар ишканасы өздөрүнө өткөрүп алууга болбостугун билдиришти. Бул маселеде жаңы документ жасатып болсо да бир ай ичинде бардык трансформаторлорду электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү тапшырмасын облус башчысы берди. Ал эми электр тармактар ишканасынын башчысы А.Паизовдун айтымында учурда запас трансформаторлор жетиштүү, кышкысын электр жарыгы авариялык учурларды эске албаганда жүйөөсүз өчпөстүгүн белгиледи.
9 айлык коллегиянын жыйынтыгында берилген планды толук аткара албагандыгы, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын албагандыгы жана билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кадр маселесин чечпегендиги жана башка аткарылбаган иштери үчүн бир топ район, шаар жетекчилерине эскертүү, ошону менен бул кетирилген кемчиликтер жылдык жыйынтыкка чейин аткарылуусу боюнча тапшырма берилди.
Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ
-
23.02.2026 / Автор anarkan_kg Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
-
03.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНА ЖАҢЫ АКИМ ДАЙЫНДАЛДЫ
-
17.03.2025 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.