Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЗ КАНТЫҢДЫ БИЛ!” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА “ӨЗ КАНТЫҢДЫ БИЛ!” АКЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

 1,023 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында “Өз кантыңды бил!” акциясы 21- 22-ноябрь күндөрү саат 10дөн 15:00гө  чейин Б.Осмонов көчөсүндөгү Фрунзе гипермаркетинин имаратында өтөт.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,

акциянын алкагында  шаар тургундары жана коноктору кант диабети боюнча акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин дарыгерлери кант оорусу тууралуу акысыз кеңештерди берүү менен бирге кан басымды, салмакты текшерип беришет.

Белгилей кетсек, аталган акция 12-ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү” күнүнө карата республикалык ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан   уюштурулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17