Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

“АЛТЫН ӨРӨӨНДӨ, АЛТЫН КҮЗ”

“АЛТЫН ӨРӨӨНДӨ, АЛТЫН КҮЗ”

 57 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 23-ноябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан уюштурулган “Алтын өрөөндөгү, алтын күз 2022” түшүм майрамы белгиленди.

Майрамдык салтанат райондук маданият үйүндө өткөрүлүп, ага райондун аймагындагы айыл аймактардан келишкен дыйкан, фермерлер, айыл тургундары катышты. Түшүм майрамынын салтанаттуу жыйынында Чаткал районун өнүктүрүүнүн 5 жылдык генералдык планы жана райондун бренди тууралу Чаткал РМА башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев презентация жасады. Презентациянын соңунда видеоролик көрсөтүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө район башчысы-аким А. Сеңирбаев айыл чарба тармагында элге эмгеги сиңген бир катар фермерлерди Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын ардак грамотасы менен сыйлады.

Иш-чара белгиленген салтанатта Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Б. Исабеков бир катар дыйкан, фермерлерге ардак грамота, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды, ошону менен катар эле өз мезгилинде эл үчүн кызмат кылган ардактуу эс алуудагы тургундарга ыраазычылык каттарды тапшырды.

Аталган “Алтын өрөөндөгү, алтын күз” түшүм майрамында жарманке уюштурулуп, анда айыл чарба азыктары, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү коюлду. Уюштурулган жарманкеде атайын комиссия түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгына ылайык район башчысы тарабынан алдыңкы орунга жеткендерге грамоталар, акчалай сыйлыктар берилди.

Ал эми түшүм майрамын мыкты уюштургандыгы үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Б. Исабековго, активдүү катышкандыктары үчүн айыл аймак башчыларына РМАнын ыраазычылык каттары тапшырылды. Ошону менен катар Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан спорттук иш-чаралар уюштурулуп, улак тартыш, күрөш, воллейбол оюндары өткөрүлдү.

Мухамедалы ЭШНАЗАРОВ, Чаткал району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17